Жаңылыктар

23.01.2024

Комиссиянын Коллегиясы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө жылдын темасын бекитти

"Керектөөчү жана ишкер: өнүгүү үчүн ишеним" – мындай тема Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинде 2024-жылга артыкчылыктуу тема катары бекитилген. ЕЭК Коллегиясы 23-январдагы отурумда Бирлик өлкөлөрү үчүн тиешелүү сунуштаманы кабыл алды.

Дүйнөлүк экономиканын туруксуздугунун шартында "евразиялык бешилтиктин" өлкөлөрү өздөрүнүн биргелешкен өнүгүүсүндө коомдун жана бизнестин муктаждыктарына багыт алышат. Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн жашоочуларынын кызыкчылыктарына жооп берген бирдиктүү рынокту өнүктүрүү артыкчылыктары Мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер программасы менен бекитилген.

2024-жылдын темасы аталган программага ылайык кабыл алынган. Ал керектөөчүлөрдүн жана ишкерлердин өз ара аракеттенүү проблемаларына коомдун көңүлүн бурууга жана алардын ортосундагы ишеним мейкиндигин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Үстүбүздөгү жылы Бирликтин өлкөлөрү тарабынан ишкерлердин жана коомдун кызыкчылыктарынын теңдемин сактоо көйгөйлөрү боюнча маалыматтык жана окутуучу иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. Алдыдагы иш бардык беш мүчө мамлекеттин жашоочуларын камтыйт. Бул керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында ЕАЭБдин саясатын жайылтууга, Бирликтин керектөө рыногунун катышуучуларынын ортосунда ак ниеттүү өз ара мамилелерди колдоонун жана өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин кеңейтүүгө жана жайылтууга мүмкүндүк берет.

Маалымат

ЕАЭБде жылдын темасы биринчи жолу 2023-жылы тандалган. ЕЭКтин маалыматы боюнча, тандалган темага ылайык жүргүзүлгөн иштер 60 миллион адамды камтыган.

2024-жылдын темасы Комиссиянын сайтында өткөн коомдук добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бирликтин мүчө мамлекеттеринин Керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитет тарабынан сунушталган.