Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы алдында Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин отурумунда ЕЭК Коллегиясынын отурумунда кароо жана бекитүү үчүн бир катар чечимдер жактырылды. Алардын арасында - "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору, "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке карата стандарттардын тизмелеринин актуалдаштырылган редакциялары, "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөрдүн долбоору.
Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕЭК Коллегиясы тарабынан андан ары кароо үчүн Комиссиянын Кеңешинин "Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2018-жылдын 5-декабрындагы № 100 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечиминин долбоорун жактырышты, анда шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды Бирликтин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизүү, ошондой эле аны түзүү жана жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
"Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуунун актуалдаштырылган программасынын долбоору,
ошондой эле, бажы декларациясын тапшыруу "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" жана "Техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги" техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештикти баалоо жөнүндө документти (шайкештикти баалоо жөнүндө документ жөнүндө маалыматтарды) тапшыруу менен коштолгон продукциялардын тизмесинин долбоорлору колдоого алынган. Талкуунун жыйынтыктары боюнча түзөтүүлөрдөн кийин алар ЕЭК Коллегиясынын кароосу үчүн жөнөтүлөт.
ЕЭК Кеңешине баяндаманын долбоорун кароонун алкагында ЕАЭБ алкагында стандартташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүү жана Бирликтин техникалык регламенттерин заманбап стандарттардын толук кандуу далилдүү базасы менен камсыз кылуу боюнча тутумдук маселелер талкууланды.
"Комиссия биздин өлкөлөрдүн кызыкдар ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте ЕАЭБ алкагында стандартташтыруу чөйрөсүндөгү учурдагы жана келечектүү ишмердүүлүктү сүрөттөгөн баяндама даярдайт. Документте Бирликтин техникалык регламенттеринин милдеттүү талаптарын камсыз кылуунун тутумдук маселелери каралат, ал эми андагы механизмдер техникалык жөнгө салуу жаатында стандартташтыруу чөйрөсүн өркүндөтүүнүн негизи болуп калат", – деп баса белгиледи Виктор Назаренко.