Жаңылыктар

29.03.2024

Максим Ермолович: "Биржалык товардык рынокторду өнүктүрүү ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык мамилелерди түп-тамырынан бери жакшы жагына өзгөртөт"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 28-мартта Москвада өтүүчү "Биржалык товардык рынок-2024" эл аралык форумунда билдирди.

ЕЭК министри баса белгилегендей, биржалык сооданы өнүктүрүү системалуу чара болуп саналат, ал товардык рынокто бааларды түзүүнүн ачык-айкындуулугун жана рынок субъекттеринин тооруктарга өз ара жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жолу менен атаандаштыкка өбөлгө түзөт.

Ал азыркы учурда ЕЭК Бирликтин товарларынын жалпы биржалык рыногун түзүү концепциясынын үстүндө иштеп жатканын, бул олуттуу деңгээлде ак ниет атаандаштыктын негизинде бааларды түзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана натыйжада экономика тармактарынын каржылык натыйжаларын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Маалымат

Бирликтин жалпы биржалык товар рыногун түзүү Стратегия-2025 менен каралган.

Москвада 2015-жылдан бери ар жылдык "Биржалык товардык рынок" эл аралык форуму өткөрүлүп келет. Уюштуруучу болуп Санкт-Петербург Эл аралык Товардык-чийки зат Биржасы саналат. Иш-чара товардык-чийки заттык тармактарда уюштурулуучу тооруктарды өнүктүрүүгө арналган.