Евразиялык бизнестин кызыкчылыктарын камсыздоо механизмдери жана Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик базасын иштеп чыгууга ишкерлерди тартуу туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович "Горизонтту жайылтуу менен: жаңы шарттарда Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы жана бизнестин ролу" форумунда айтып берди. Форум 6-мартта Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) базасында өткөрүлдү.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы бизнес-коомдоштук менен ачык диалогду өнүктүрүүнү жана ЕАЭБде ишкердик ишмердикти жүргүзүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын артыкчылыктарынын бири деп атады. Ал 2022-жылы Комиссия ишкерлер чөйрөсү менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган 70тен ашык иш-чараларды, анын ичинде 19 көчмө жолугушууларды өткөргөнүн эске салды. Аларды уюштурууга түздөн-түз улуттук бизнес коомчулугунун кызыкчылыктарын билдирген жалдоочу бирликтер катышкан, мисалы, РӨИБ, Беларустун өнөр жайчылар жана ишкерлер конфедерациясы, КазР "Атамекен" ИУП, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги, Армениянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги.
Михаил Мясникович билдиргендей, ЕЭК кабыл алган чечимдердин долбоорлорунун интеграциялык жөнгө салуучу таасирин баалоо боюнча тажрыйба өзүнүн натыйжалуугун көрсөтө алды, анын аркасында ишкерлер бул документтерди иштеп чыгууга тартылууда. "2022-жылы бизнестин 861 сунушунун дээрлик жарымы ЕЭК Коллегиясынын документтерине түздөн-түз имплементацияланган жана Комиссия бул ишти кеңейтмекчи", - деп белгиледи ал.
Михаил Мясниковичтин сөзү боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн, бизнестин жана Комиссиянын уюшкандык менен аткарылган иштери жакшы натыйжаларды берүүдө. "Бардык жактан татаал болгон 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 9%дан ашык өскөн, өнөр жай өндүрүшү 2021-жылдын деңгээлинде сакталып калган, негизги капиталга инвестициялар 5,3%га, курулуштун көлөмдөрү - 5%га көбөйгөн", - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы.
Интеграцияны тереңдетүү боюнча жаңы дымактуу милдеттер Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тарабынан Бирликтин органдарында Россиянын төрагалыгына байланыштуу кайрылууда коюлган. Буга байланыштуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ишкер коомдоштукту, евразиялык интеграцияны орто жана узак мөөнөттүү келечекке тереңдетүү сунуштарын иштеп чыгуу боюнча Комиссия баштап жаткан ишке кошулууга чакырды.
Михаил Мясникович биргелешкен инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана ЕАЭБде туруктуу технологиялык көз карандысыздыкты калыптандырууга өзгөчө көңүл бурду. "Биздин Бирликти комплекстүү өз алдынча өнүктүрүү максатында, евразиялык күн тартибинин негизги маселелери боюнча Комиссиянын, улуттук бийлик органдарынын жана бизнестин мындан аркы синергиясын камсыздоо өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз", – деп корутундулады ЕЭК Коллегиясынын башчысы.
Иш-чаранын алкагында РӨИБ президенти Александр Шохин Михаил Мясниковичти РӨИБ ардак белгиси менен сыйлады.
Маалымат
"Горизонтту жайылтуу менен: жаңы шарттарда Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы жана бизнестин ролу" интеграциялык форуму РӨИБ тарабынан "Россиялык бизнестин жумалыктарынын" алкагында уюштурулган. Иш-чара алдыңкы россиялык жана евразиялык компаниялардын жетекчиликтеринин, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин тараптарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана эксперттик коомчулуктун катышуусу менен аралаш форматта өтөт.