16-17-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жумушчу сапары менен Бакуга барды.
Михаил Мясникович 16-чы Азербайжан эл аралык "Айыл чарбасы" Caspian Agro көргөзмөсүнүн жана 28-чи Азербайжан Эл аралык "Тамак-аш өнөр жайы" InterFood Azerbaijan көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. ЕЭК Коллегиясынын Башчысы дүйнөнүн 450 өлкөсүнөн, анын ичинде Беларустан, Казакстандан жана Россиядан келген 31ден ашык компания көрсөтүлгөн негизги көргөзмө павильондорун карап чыкты.
Михаил Мясникович Бакуга болгон иш сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды. Жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен Азербайжандын товар жүгүртүмүн жана соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ошондой эле Азербайжандын экономика министри Микаил Джаббаров, Азербайжандын айыл чарба министри Меджнун Мамедов, Россиянын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Михаил Бочарников менен кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.
"Евразия интеграциясы мүчө мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн бекем негизди түзөт жана элдердин өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөгө кызмат кылат", - деп белгиледи сапардын жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.