ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин мүмкүн болгон евразиялык туристтик каттамдарынын географиясына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча баяндаманы Комиссиянын Коллегиясы 19-декабрда карап чыкты.
Туризм тармагынын мультипликативдик таасирин эске алуу менен туристтик маршруттардын географиясын жайылтуу жана кеңейтүү, анын ичинде ЕАЭБдин байкоочу мамлекеттеринин туристтик ресурстарына баруу үчүнчү өлкөлөрдөн туристтердин агымынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Баяндамада белгиленгендей, бул тармактын динамикалуу өнүгүшү үчүн негиз болот жана экономиканын туризм менен байланышкан тармактарына, анын ичинде отелдер жана мейманканалар, транспорт, айыл чарба, медицина, туристтик тармакка инвестициялар үчүн кошумча дем берет.
Баяндамада көрсөтүлгөн каттамдар туристтик кызыкчылыктын алгачкы объектилери болуп саналат, алар каттамдардын карталарынын долбоорлорун иштеп чыгууда таяныч пункттары болуп калышы мүмкүн. Кийин баяндаманын жоболору ЕАЭБ алкагында туризмди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгууда эске алынат.
Баяндама Комиссиянын расмий сайтында жайгаштырылган.