Жаңылыктар

17.03.2022

Жаш лосось жана форель балыктарына нөлдүк импорттук алымдар 2024-жылдын аягына чейин узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши жаш лосось жана форель балыктарына импорттук бажы алымдарынын нөлдүк ченин колдонуу мөөнөтүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Каралып жаткан балыктын айрым түрлөрү үчүн ЕАЭБ ББТ чендери (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0301 91 900 0 жана 0301 99 110 0 коддору) бажы наркынын 10% түзөт. Анткен менен ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 18-январындагы №3 Чечимине ылайык, 2019-жылдын 28-февралынан 2022-жылдын 28-февралына чейин алымдар 0% өлчөмүндө белгиленген.

"Балык продукциясы боюнча өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүү – Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ар биринин, ошондой эле бүтүндөй ЕАЭБтин азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү бөлүгү. Жаш балыктарга алымдардын нөлдүк чендерин сактоо Бирликте өндүрүлгөн товардык лосось менен форелдин үлүшүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт", - деп баса белгиледи ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Ошону менен бирге ал тактап өткөндөй, азыркы учурда атлантика жаш лососу ЕАЭБ аймагында өнөр жайлык өстүрүү үчүн өндүрүлбөйт, ал эми бир катар ишканалар тарабынан өндүргөн жаш форелдер таза суу чарбаларында гана өстүрүүгө арналган.