Жаңылыктар

28.03.2024

ЕАЭБ аймагында роумингдеги тарификация эрежелери 2024-жылдын аягына чейин кабыл алынат

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин аймактарында эл аралык роумингде уюлдук байланыш кызматтарына адилеттүү тарифтерди колдонуу эрежелерин 2024-жылдын аягына чейин бекитүү пландаштырылат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын байланыш чөйрөсүндөгү атаандаштык жана тоскоолдуктарды четтетүү маселелери боюнча жумушчу тобунун 28-мартта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жана мобилдик байланыш операторлорунун катышуусу менен видеоконференция форматында өткөн отурумунда айтылды.

Кеңешменин катышуучулары Комиссия иштеп чыккан эрежелердин долбоорун талкуулашты. ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сушкевич баса белгилегендей, адилеттүү деп үй тарифине жакындатылган тариф түшүнүлөт.

Учурда роуминг трафигин эсептөөгө байланыштуу бир нече айры пикирлер калууда. Баарыдан мурда, мындай трафиктин көлөмүн же адилеттүү тарифтер колдонула турган мезгилди белгилөө керек. Мындан тышкары, мобилдик операторлор жеңилдетилген тарифти жөнгө салуу үчүн ар кандай техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин да эске алуу керек.

Техникалык маселелерди макулдашуудан кийин тараптар роуминг чалуулары жана операторлор аралык роуминг тарифтери үчүн эл аралык интерконнекттин чендерин төмөндөтүүнүн деңгээлин бекитүүсү пландаштырылууда.

"Биз ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары Бирликтин кайсы өлкөсүндө болбосун үй тарифтери боюнча байланышты пайдалануусу үчүн ушундай шарттарды түзүүгө умтулабыз. Үй тарифтеринин деңгээлин компаниялар мобилдик операторлордун жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын теңдемин эске алуу менен өз алдынча аныкташат", – деп белгиледи отурумдун жыйынтыгы боюнча Алексей Сушкевич.

Маалымат

2021-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында эл аралык роумингде уюлдук байланыш кызматтарына адилеттүү тарифтерди белгилөө үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планын бекиткен. 2025-жылдын биринчи кварталына чейин бардык иш-чаралар жүзөгө ашырылары каралган.

Планда алдамчылыкка каршы күрөшүү, эл аралык роуминг трафигин өткөрүүдө байланыш операторлорунун түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо, роумингдеги адилет тарифтер боюнча көрсөтүлүүчү байланыш кызматтарынын максималдуу көлөмүн (мезгилин) аныктоо боюнча чаралардын топтому жана башка маселелер камтылган.