Жаңылыктар

21.06.2022 (Обновлено: 04.07.2022 16:27)

ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрү жана ЕЭК "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" багыттары боюнча Евразия транспорт коридорлорун өнүктүрүшөт

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Бирликтин мамлекеттеринин өкмөттөрүнө ЕЭК менен биргеликте "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" багыттарындагы эл аралык транспорт коридорлоруна кирген Евразия транспорт коридорлорунун жана каттамдарынын транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ишти активдештирүүнү (координациялоону) тапшырды.

Мындай тапшырманы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 21-июнда Минскте Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун алкагында даярдалган, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарында транспорт инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча баяндаманы кароондон кийин беришти.

ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук долбоорлорду каржылоону камсыз кылуу максатында Бирликтин жана Кытай Эл Республикасынын өнүгүү институттарынын ортосунда кызматташтыкты жолго коюуну негиз кылып алышат, ошондой эле Евразия транспорт коридорлорун жана каттамдарын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу форматта ишке ашырылып жаткан долбоорлорду ишке ашырууга мүчө мамлекеттерди тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышат.

Өкмөттөр аралык кеңешине аталган тапшырма боюнча жылына эки жолудан кем эмес отчёт берилет, бул транспорттогу учурдагы жагдайдын өзгөрүп жаткан шарттарына ыкчам таасирденүүгө мүмкүндүк берет.

Бирликте транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бул чаралар ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында магистралдык жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, транспорт инфраструктурасынын кемчиликтерин (чектөөлөрүн) жоюуга мүмкүндүк берет.