Жаңылыктар

23.05.2023

II Евразия экономикалык форумга 50 ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышат

2700 ашуун бийлик органдарынын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, ММКнын өкүлдөрү 24-25-майда Москвада өтө турган II Евразия экономикалык форумунун ишкер программасына катышат. Форум "Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция" урааны астында өтөт. ЕЭФ-2023 алкагында 35ке жакын ишкер сессиялар өткөрүлөт. Форумдун пленардык отуруму негизги иш-чара болмокчу.

"Форумдга катышууну ырастаган 2700дөн ашуун коноктордун ичинен 500дөн ашууну 54 мамлекеттин өкүлдөрү. Форумдун аянтчаларында талкуулар Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана Евразия регионунун өлкөлөрүнүн ар тараптуу экономикалык өнүгүүсүнө багытталган конкреттүү практикалык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. Ошону менен бирге, Форум бизнес-диалог үчүн аянтча болот, — 450дөн ашык компаниянын ичинен бизнестин 650дөн ашык өкүлү катышарын күтүп жатабыз", — деп Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук баса белгиледи.

Ошондой эле форумдун иш-чараларына Бириккен Улуттар Уюмунун, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Негизги талкуулардын бири "ЕАЭБдин артыкчылыктары 2030+" стратегиялык блогунун сессиясынын алкагында өтөт. Сессиянын катышуучулары Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Глазьев болоору күтүлүүдө.

Сессиянын башкы темасы – 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде интеграциялык өз ара аракеттешүүнүн негизги векторлорун талкуулоо.

II Евразия экономикалык форуму 2023-жылы Россия Федерациясынын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өткөрүлүп жатат, ал эми анын максаты Евразия мейкиндигинде кооперациялык байланыштарды өркүндөтүү болуп саналат.