Жаңылыктар

07.11.2023

ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 0,3%га төмөндөдү

2023-жылдын январь-сентябрь айларында Евразия экономикалык бирлигинде бардык категориялардагы чарбачылыктарда айыл чарба продукциясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3%га төмөндөдү. Өсүш Арменияда, Россияда жана Кыргызстанда, ал эми төмөндөө Казакстан менен Беларуста байкалган.

ЕАЭБ мамлекеттеринде дан жана дан-буурчак өсүмдүктөрүн (жүгөрүсүз) жыйноо аяктады. 1-октябрга карата дан жыйноонун көлөмү Арменияда гана жогорулаган (21%га), ошол эле учурда Беларуста дан 16,6%га, Кыргызстанда — 18,2%га, Россияда — 10%га азыраак жыйналган.

Ошол эле учурда мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүү көбөйгөн: союу үчүн малды жана канаттууларды өндүрүү (тирүү салмакта) – 2,3%га, сүт – 2,9%га, жумуртка – 1,2%га өскөн.

Кененирээк статистикалык маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясынын өндүрүшү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.