2023-жылдын январь-июль айларында Евразия экономикалык бирлигинде бардык категориялардагы чарбачылыктарда айыл чарба продукциясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8%га өстү. Өсүш Беларуста, Казакстанда жана Россияда байкалган.
Мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүү көбөйгөн: союуга багытталган мал жана канаттууларды (тирүү салмакта) 2,4%га – 2022-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу, сүт – 3,2%га, жумуртка – 1,6%га.
Союуга багытталган мал жана канаттууларды (тирүү салмакта) жана сүт өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде (Армения боюнча маалыматтарды эске албаганда) белгиленген. Жумуртка өндүрүүнүн максималдуу өсүшү Кыргызстанда, Беларуста — төмөндөөсү байкалган.
Кененирээк статистикалык маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясынын өндүрүшү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.