Жаңылыктар

04.07.2023

Мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн ЕЭК өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди


Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 4-июлда Мамлекеттик сатып алуулар максаттары үчүн айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн (ТЧӨ) аныктоо эрежелерине № 1 тиркеменин жаңы товардык позициялары үчүн өндүрүш шарттарын аныктады.

Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте беш товардык позиция боюнча өндүрүш шарттарын макулдашты. Алардын арасында - "Станок куруу" тармагынан өлчөөчү приборлордун эки түрү жана "Энергетикалык инженерия, электротехника жана кабель өнөр жайы" тармагынан изоляторлордун үч түрү бар.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун сөзү боюнча, жаңы товардык позициялар боюнча өндүрүш шарттарын макулдашуу Бирлик өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу кеңейтет, өндүрүүчүлөрдүн ортосунда жаңы кооперациялык чынжырлардын түзүлүшүн камсыз кылат.

"Бүгүн кабыл алынган чечимди эске алуу менен ТЧӨ эрежелеринин № 1 тиркемесинде 455 товардык позициялар боюнча өндүрүш шарттары киргизилген. Жаңы шарттарды макулдашуу боюнча иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. ТЧӨ эрежелерине ылайык өндүрүлгөн товарлар, барган сайын көбүрөөк санда мамлекеттик сатып алууларга тоскоолдуксуз жеткилик алууда", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Ошондой эле Эрежеге ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына ылайык келтирүү максатында "Эмерек жана жыгач иштетүү өнөр жайы" тармагынын айрым товардык позицияларынын аталыштарына техникалык түзөтүүлөр киргизилген.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши Беларустун "Була-оптикалык кабелдер" товардык позициясына карата мурда эрежеге киргизилген өндүрүш шарттарын оңдоо жөнүндө сунушун колдоду, бул өндүрүүчүлөргө өндүрүштүн технологиялык процессинде болгон операцияларды гана аткарууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле вице-премьерлер ЕАЭБ ТЭИ ТН "жүк ташуучу автомобилдер" позициясына кошумча кодду кошууну макулдашышты, бул Евразия реестрине киргизүү үчүн жүк ташуучу унаалардын номенклатурасын кеңейтет.