Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында 13-мартта Москвага иш сапары менен келген Куба Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Таня Маргарита Круз Эрнандес жана Кубанын алдыңкы "БиоКубаФарма" фармакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү.
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Чинара Мамбеталиеванын жетекчилиги астында, Комиссиянын интеграцияны өнүктүрүү жана өнөр жай саясаты боюнча блокторунун өкүлдөрү катышкан менен иш-чаранын жүрүшүндө, Евразия экономикалык комиссиясы менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2018-жылдын 31-майындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында тараптардын ар тараптуу кызматташтыгын мындан аркы ырааттуу өнүктүрүүгө өз ара ниеттер ырасталды.
Техникалык жөнгө салуу боюнча блоктун өкүлдөрү кубалык делегацияга Евразия экономикалык бирлигинин жалпы рыногунда дары препараттарын жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү жана Комиссиянын актыларындагы акыркы өзгөртүүлөр, анын ичинде 2024-жылдын II жарым жылдыгында ЕАЭБ Фармакопеясынын биринчи томунун үчүнчү бөлүгү чыгууга пландаштырылгандыгы жөнүндө маалымдашты.
Интеграцияны өнүктүрүү боюнча блоктун жана өнөр жай саясаты боюнча блоктун өкүлдөрү өнөр жай кооперациясын жана өнөр жайдагы көп тараптуу интеграциялык долбоорлорду колдоо боюнча иштер жөнүндө айтып беришти.
Жолугушуунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин компанияларынын катышуусу менен фармацевтика жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоого олуттуу көңүл бурушту.