Жаңылыктар

19.08.2022

ЕЭК Кеңеши алып келүү бажы төлөмдөрүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн кошумча негиздердин колдонулушун узартты

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши аларга экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында колдоо көрсөтүлүп жаткан тутум түзүүчү жана шаар түзүүчү ишканалар товарларды алып келүүдө (өндүрүштө колдонулбаган акциз алдындагы товарлардан сырткары) алып келүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн пайыздарсыз кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн кошумча негиздердин колдонулуу мөөнөтүн 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун алкагында мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн мындай кошумча негиз 2022-жылдын 30-сентябрына чейин белгиленген эле.

Алып келүү бажы алымдарын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан улуттук мыйзамдарга ылайык берилген ырастаманы бажы органына көрсөтүү зарыл.

Маалымат

Алып келүү бажы алымдарын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн кошумча негиз ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 75 чечими менен белгиленген.