Жаңылыктар

14.02.2024

ЕАЭБ өлкөлөрү ДСУнун Министрлер конференциясынын алдында "сааттарды салыштырышты"

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) маселелери боюнча өз ара иштешүүсү боюнча жумушчу топтун IV отуруму болуп өттү.

"Жумушчу топтун ишмердүүлүгү актуалдуу темаларды талкуулоого жана позицияларды мүмкүн болушунча жакындатууга багытталган. Азыр биз ушул айдын аягында Абу-Дабиде өтө турган Министрлер конференциясынын XIII сессиясынын алдында чогулдук, - деп белгиледи министр. – Биз үчүн азыр ДСУнун бардык мүчөлөрү тарабынан жыйынтыктоочу чечимдерди жана декларацияларды макулдашуу боюнча жигердүү талкуулар жүргүзүлүп жаткан учурда, көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат алмашуу жана алдыдагы ДСУнун Министрлик конференциясынын күн тартибиндеги маселелерди кароого биздин мамлекеттердин мамилесин салыштыруу маанилүү. Өзгөчө, ЕЭКтин жана биздин Бирликтин компетенциясына түздөн-түз байланышкан маселелер боюнча". 

Жолугушуунун катышуучулары ДСУнун талаш-тартыштарды чечүү боюнча органынын толук кандуу иштешин камсыздоо, ДСУнун талаш-тартыштарды чечүү тутумун ачыктык, инклюзивдүүлүк жана транспаренттүүлүк принциптеринин негизинде реформалоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө маалымдашты.

Ошондой эле тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын чечимдеринин негизинде начар өнүккөн категориядан чыгарылган өлкөлөр үчүн "жай" өтүү концепциясын өнүктүрүү жана ишке ашыруу жаатында ДСУнун аракеттерин колдоорун билдиришти.

Транзит маселелерин талкуулоонун маанисине жана деңизге чыга албаган мамлекеттердин кызыкчылыктарын, анын ичинде ДСУнун Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча комитетинин транзит боюнча атайын сессияларынын жүрүшүндө эске алууга көңүл бурулду. ДСУнун XIV Министрлер конференциясы өткөрүлө турган күнгө чейин маалыматтарды электрондук берүүгө карата бажы алымдарын алууга мораторийди узартуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

"Бардык өлкөлөр Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу боюнча Беларустун сүйлөшүүлөр процессине колдоо көрсөтүштү", – деди Андрей Слепнев аягында.

Маалымат

ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча өз ара иштешүүсү боюнча жумушчу тобу 2021-жылы түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына ДСУ менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилигинин өкүлдөрү кирет.