Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 20-февралдагы отурумда Казакстан Республикасында туристтик жыйымдарды алуу боюнча талапка тиешелүү кедерги белгилери бар тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө маселени карады.
2023-жылдын 1-августунан тартып Казакстан Республикасында чет өлкөлүктөрдөн, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жарандарынан туристтик жыйымдарды алуу боюнча талаптар белгиленген. Комиссия Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда тоскоолдуктардын квалификациясынын методологиясына ылайык маселени кароонун алкагында бул талаптарда кедерги белгилери бар тоскоолдуктардын бар экендиги жөнүндө корутундуга келди.
Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын ыкчам ишинин аркасында Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министринин буйругуна өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарынан туристтик жыйым алынбайт.
"Биз Бирликтин мүчө мамлекеттеринин мындай чечимдерин кубаттайбыз, анткени алар ЕАЭБдин ички рынокторунун андан ары өнүгүшүнө жана иштешине өбөлгө түзөт. Бул мисал биздин ишибизде жигердүү колдонулуп жаткан медиативдик жол-жоболордун натыйжалуулугунун жакшы далили болуп саналат", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.