Жаңылыктар

10.11.2023

Санариптештирүү Бирликтин балык өстүрүү чарбаларынын комплексинде өндүрүштү натыйжалуу башкарууну, маалыматтык камсыздоону жана контролдоону уюштурууга мүмкүндүк берет

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян "Санариптештирүү – балык өстүрүү чарбаларынын натыйжалуулугун камсыздоонун заманбап тренди" эл аралык конференциясында билдирди.

Конференция Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн, Израилдин, Ирандын мамлекеттик бийлик органдарынын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, тармактык бизнес-бирикмелеринин, ФАО эл аралык азык-түлүк уюмунун, Россия айыл чарба банкынын, логистикалык жана IT- компаниялардын өкүлдөрүн чогултту. Армен Арутюнян баса белгилегендей, Бирликтин балык өстүрүү чарбаларынын комплексиндеги инвестициялык жана технологиялык саясатты өндүрүштүк-экономикалык жана соода ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүү зарыл.

ЕАЭБ мамлекеттеринде аквакультура өндүрүштүн жогорку динамикасын көрсөтүүдө. Алсак, акыркы беш жылда бүтүндөй Бирлик боюнча бул көрсөткүч 1,8 эсеге өскөн, мында эң чоң өсүштү Кыргызстан жана Казакстан (тиешелүүлүгүнө жараша 10 жана 4 эсеге), Россия Федерациясы – 1,7 эсеге көрсөткөн. "Бешилтик" өлкөлөрүнүн ортосунда балыктарды жана балык продуктыларын өз ара сатуунун көлөмү 1,6 эсеге өскөн.

Мындан тышкары, ЕЭК Департаментинин директору бул чөйрөдө квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Азыркы учурда ЕЭКтин агроөнөр жай блогу Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен биргеликте студенттер үчүн балыкты индустриалдык шарттарда өстүрүү боюнча биргелешкен билим берүү курсун уюштурууда.

Иш-чаранын алкагында рынокто өндүрүш процесстерин автоматташтыруу боюнча сунуштар, балык өстүрүү чарбалары үчүн санариптик жана программалык сервистер, продукцияны илгерилетүү боюнча маалыматтык технологиялар сунушталды, глобалдык тренддерде тармактын инвестициялык потенциалы көрсөтүлдү.

Маалымат

"Санариптештирүү – балык өстүрүү чарбаларынын натыйжалуулугун камсыздоонун заманбап тренди" эл аралык конференциясы Комиссиянын Агроөнөр жай саясаты департаментинин катышуусунда "Фогстрим" ЖЧК Компаниясы тарабынан уюштурулуп, үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Москванын Эл аралык соода борборунун Конгресс-борборунда болуп өттү.