Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 2025-жылга чейин евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планын бекитти. Документ 10 иш-чараны камтыйт жана "бешилтик" өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ишинин дээрлик бардык аспектилерин камтуу менен ЕАЭБ транспорттук саясатынын негизги жоболорун ишке ашырууга багытталган.
"Бул биздин өлкөлөр үчүн абдан маанилүү документ. Ал ЕАЭБдин бирдиктүү транспорт мейкиндигин андан ары калыптандыруу, "бешилтик" өлкөлөрүнүн транспорт тутумдарын дүйнөлүк транспорт тутумуна интеграциялоо, Бирликтин алкагында транзиттик потенциалды жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү үчүн зарыл", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
Комплекстүү планды иштеп чыгуу евразиялык транспорттук коридорлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштин логикалык уландысы болуп калды, алардын тизмеси 2021-жылдын 26-октябрында Коллегиянын Тескемеси менен бекитилген. Документ 2021-2023-жылдарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн координацияланган транспорт саясатын ишке ашыруунун Негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча жол картасына ылайык даярдалган.
Кеп евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн максаттуу индикаторлорун иштеп чыгуу жана бул каттамдардын паспортун даярдоо, "тар жерлерди" аныктоо жана четтетүү жөнүндө болууда.
Документти иштеп чыгууда евразия транспорттук коридорлорунун тизмесине кирген автожол, темир жол жана порт инфраструктурасын өнүктүрүү жөнүндө ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча маалымат эске алынган. Мындан ары аны туруктуу негизде актуалдаштыруу пландаштырылууда, бул планда белгиленген иш-чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.