Жаңылыктар

21.11.2023 (Обновлено: 27.11.2023 11:41)

Метрополитендин кыймылдуу курамы боюнча ЕАЭБ техрегламентине мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 21-ноябрда Евразия экономикалык бирлигинин "Метрополитендин кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны бекитти.

Программа аталган техрегламенттин талаптары жайылтыла турган продукциянын эки тобуна карата – метрополитендин кыймылдуу курамына жана анын курамдык бөлүктөрүнө - талаптарды жана контролдоо ыкмаларын белгилеген мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну камсыз кылат, ошондой эле анда 39 мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу каралат.

Стандарттарды жооптуу иштеп чыгуучу болуп Россия Федерациясы аныкталган.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин "Метрополитендин кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ЕАЭБ ТР 052/2021) ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 137 чечими менен бекитилген жана 2025-жылдын 2-январынан тартып күчүнө кирет.