Жаңылыктар

25.08.2022

ЕАЭБде Евразия жаштар демилгелерин колдоо фонду түзүлүшү мүмкүн

Мындай сунушту Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) жайгашкан "Рух Ордо" маданий борборунда өтүп жаткан "Келечек" КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумунун ачылышында билдирди.

  "Фонд аймактык бөлүмдөргө ээ болуп, акысыз негизде консультациялык, билим берүү жана башка кызматтарды көрсөтө алышы мүмкүн деп божомолдойм. Ошондой эле жаштардын интеграциялык долбоорлоруна уюштуруучулук-укуктук колдоо көрсөтө алат", - деп белгиледи Михаил Мясникович.
Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Кыргызстандын Өкмөт башчысы саламдашуу сөзү менен сүйлөп жатып, КМШ жана ЕАЭБдин жаштар күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири болуп саналарын белгиледи.
"Билим берүү жана коомдук долбоорлор, айрыкча эл аралык экономика, робототехника жана IT-технологиялар чөйрөлөрүндөгү долбоорлор креативдүү жаштарга зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. КМШ жана ЕАЭБдин жаштар күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экендиги маанилүү. Бул багытты андан ары диверсификациялоо биздин жаштардын чет мамлекеттер, интеграциялык аймактык бирикмелер менен байланышынын географиясын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет - Түштүк Америкадан Түштүк-Чыгыш Азияга чейин", - деди Акылбек Жапаров.
ЕЭК Коллегиясынын Башчысы Михаил Мясникович мамлекет башчылары тарабынан бекитилген, 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында коомчулукту евразиялык интеграция процесстерине кеңири тартуу каралгандыгын эске салды. Тактап айтканда, 30 жашка чейинки жаштар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калкынын бештен бир бөлүгүн түзүп, Бирликтин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү милдеттерди ишке ашырууда өзүнүн татыктуу орду бар.
"Коммуникация каналдарын түзүү үчүн биз жаштардын кайрылууларын ыкчам кароо, жаш ишкерлерди, жаш адистерди, студенттерди колдоо үчүн ЕЭКте "бир терезе" түзүүнү пландаштырып жатабыз", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
Анын айтымында, Комиссия эмгекчил жаштар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулат. Өткөн жылы "Чек араларсыз иш" бирдиктүү тутуму иштей баштаган. Бүгүнкү күндө маалыматтар базасында 500 миңден ашуун бош иш орундары бар.
"Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттарын иштеп чыгууда жаштарга чоң роль берилет. Бул туура. Бирликти курууга катышуу менен, сиздер өзүңүздөр үчүн жашоо шарттарын түзөсүздөр", - деп жыйынтыктады Михаил Мясникович.

Маалымат

 2022-жылдын 25-26-августта Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух Ордо" маданий борборунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму менен учурлаш өткөрүлүүчү "Келечек" КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форуму өтүп жатат.

 Форумга 250 ашуун делегаттар – Евразия экономикалык бирлигинен жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, креативдүү жаштардын өкүлдөрү, жаш дипломаттар, студенттер катышышты.

 Форумдун максаты – мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана евразиялык интеграция идеясын популярдаштыруу. Форум жаштардын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө, демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, жаш муундун өкүлдөрүнүн социалдык жана кесиптик өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө багытталган.