Жаңылыктар

15.07.2022

ЕАЭБде электрондук сооданын товарларынын коопсуздугун камсыздоого карата ык-амалдарды тестирлешет

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 15-июлда электрондук сооданын товарларына карата ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын тастыктоонун убактылуу тартибин бекитти. Тартип тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорлордун жүрүшүндө колдонулат.

Убактылуу тартипте электрондук соода товарларынын коопсуздугун камсыздоонун жалпы ыкмалары каралат, алар андан кийин улуттук мыйзамдардын чегинде деталдаштырылышы мүмкүн.

Атап айтканда, эксперименттердин жүрүшүндө айрым товарларга карата кабарлоо тартиби колдонулат, ал эми бажы кампасынын жол-жобосуна жайгаштырылган продукцияларга карата кабарлоо тартибин колдонуу жокко чыгарылат.

Электрондук сооданын чет өлкөлүк катышуучусу товардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат бөлүмүндө, кабарлоо тартиби үчүн тизмелерге киргизилген электрондук соода товарларына карата коопсуздук жөнүндө арызды толтурат деп болжолдонот.

"Экспериментти бирдиктүү механизмдердин негизинде жүргүзүү, үчүнчү өлкөлөрдүн маркетплейстеринде сатылуучу кооптуу продукциялардан рынокту коргоо үчүн кыйла натыйжалуу концепцияны иштеп чыгууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко.