Жаңылыктар

28.12.2023

ЕАЭБде "Евразиялык интеграциянын символдору" биргелешкен долбоорлордун конкурсу өтөт

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери биргелешкен масштабдуу жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруусу Стратегия-2025тин 6.4.3-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат. Бул ишти активдештирүү үчүн 2024-жылы ЕАЭБде биринчи жолу "Евразиялык интеграциянын символдору" биргелешкен масштабдуу жогорку технологиялык жана гуманитардык долбоорлордун конкурсу өтөт.

Конкурстун максаты – евразиялык интеграциянын технологиялык чөйрөлөрүндөгү жаңы идеяларды аныктоо. Уюштуруучулар Стратегиялык демилгелер агенттиги (СДА) жана өнүктүрүү институттарынын консорциумунун мүчөлөрү, биргелешип уюштуруучу – Евразия экономикалык комиссиясы болмокчу. 

Өтүнмөлөрдү катышуучулар февраль айынан тарта бере алышат. Өтүнмөлөр команданын катышуучуларынын квалификациясынын, тажрыйбасынын, ошондой эле экономикалык, социалдык таасиринин, жаңылыгынын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана эксперттик таанылуусунун позицияларынан каралат. Буга чейин ишке ашырылган долбоорлор да, идеялар, концепциялар да катышууга кабыл алынат. 

Эксперттер долбоорлорду төмөнкү критерийлер боюнча баалашат:

- интеграцияга багытталгандыгы: долбоор мүчө мамлекеттердин атаандаштык артыкчылыктарын калыптандырууга жана жүзөгө ашырууга, евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек;

- масштабдоого мүмкүнчүлүгү: долбоорлор ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн чарбакер субъекттеринин катышуусу менен же долбоордун катышуучуларынын арасында билдирилбеген мүчө мамлекеттердин аймагында ишке ашыруу үчүн потенциалга ээ болушу керек;

- технологиялуулугу: долбоорлор жогорку технологиялык чечимдерди колдонууга негизделиши керек, долбоордун алкагында түзүлгөн өндүрүш экономикалык иштин жогорку технологиялык же жогорку деңгээлдеги орто технологиялык түрлөрүнө таандык болушу керек же чечимде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин окумуштууларынын интеллектуалдык менчиги колдонулушу керек. 

Конкурс 8 номинацияда өтөт:

- базалык тармактардын технологиялары (кен казып алуучу тармактардын, кайра иштетүүчү тармактардын, айыл чарбасынын жаңы технологиялары);

- транзиттик потенциал (транспорттук-логистикалык чечимдер, транспорт, инфраструктура);

- технологиялык суверенитет (прибор куруу, станок куруу, микроэлектроника, химиялык-металлургиялык технологиялар, телекоммуникациялар, электротехника, автомобиль куруу, кеме куруу);

- санариптик платформалык чечимдер (маалыматтык коопсуздук);

- жаңы технологиялык ыңгай (робототехника, нанотехнологиялар, биотехнологиялар, МКТ, гендик инженерия, космостук технологиялар);

- адам капиталы (илим жана билим берүү, телемедицина, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт);

- евразия туризми (HoReCa, комплекстүү туристтик чечимдер, туристтин карталары);

- каржылык инклюзивдүүлүк (каржылык кызматтарды көрсөтүү, өлкөлөр ортосунда соода эсептешүүлөрүн камсыз кылуу, алардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча заманбап чечимдер).

"ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан биргелешкен масштабдуу жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруусу Стратегияда-2025 каралган. Сынакты өткөрүү ишканалардын көңүлүн Евразия экономикалык бирлигиндеги кооперациялык кызматташтыктын артыкчылыктарына кошумча бурат, Бирликтин интеграциялык потенциалын практикалык ишке ашырууну камсыз кылат деп күтөбүз", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев.

"Бүгүнкү күндө эле консорциумдун аянтчасында мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө жана алардын аймактарынын инвестициялык активдүүлүгүн жана жагымдуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Конкурс жаңычылдыкка, технологиялуулукка, атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө ээ болгон долбоорлорду аныктоого мүмкүндүк берет, аларды ишке ашыруу евразия мейкиндигинин аймагында олуттуу социалдык, экономикалык жана технологиялык натыйжаларга жетишүүгө шарт түзөт", – деп белгиледи СДА башкы директору, өнүктүрүү институттарынын консорциумунун координациялык кеңешинин төрайымы Светлана Чупшева. 

Катышуучулар өтүнмөлөрдү 15-февралдан 31-мартка чейин бере алышат. 30-апрелге чейин долбоорлор эксперттер тарабынан бааланат, бул этаптын жыйынтыгы боюнча мыкты долбоорлорду көздөшүү форматында коргоо жүргүзүлөт. Жыйынтыктарды чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 2024-жылдын май-июнь айларында өткөрүлөт.

Маалымат

Өнүгүү институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө макулдашууга 8-июнда Сочиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин талааларында кол коюлган. Консорциумдун мүчөлөрү - Стратегиялык демилгелер агенттиги, "Армения Республикасынын Стратегиялык өнүктүрүү борбору" фонду, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту болушту, ал эми ушул жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту да кошулду.

Консорциум - бул тажрыйба жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу, ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкерлерине колдоо көрсөтүү, келечектүү кооперациялык долбоорлорду илгерилетүүгө бирдиктүү мамилелерди түзүү үчүн аянтча.