Эми карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүүдө фитосанитардык сертификатты жана электрондук түрдө жол-жоболоштурулган товарды коштоочу документтерди колдонууга уруксат берилет. Электрондук түрдө бул контролдун натыйжаларын жол-жоболоштурууга болот. Ошол эле учурда документтерди кагаз жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгү сакталат.
"Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы Бирликтин ченемдик укуктук актыларын өзгөртүү, документтерди электрондук түрдө пайдалануу мүмкүнчүлүгүн белгилөөгө, жасалма же жараксыз фитосанитардык сертификаттарды жүгүртүүнү минималдаштырууга жана ошону менен карантиндик фитосанитардык контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана рыноктун катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, - деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко. - Бул чечим - Комиссиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын системалуу ишинин натыйжасы, алар документтерди электрондук түрдө пайдаланууга акырындык менен өтүүсүнө багытталган".
ЕЭК Кеңешинин чечими ЕАЭБ жөнүндө келишимге мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдары тарабынан фитосанитардык сертификатты электрондук түрдө пайдаланууга тиешелүү өзгөртүүлөргө ылайык даярдалган, аларга ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары 2021-жылдын 10-декабрында кол коюшкан.