Документ Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясы менен каралган. Программанын иш-чараларынын катарында – улуттук жана эл аралык мыйзамдарда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу механизмин түзүү, керектөөчүлөрдүн чек ара аралык талаш-тартыштарын чечүү тутумун түзүү, Бирликте рационалдуу жана туруктуу керектөөнү сактоо.
Программа аны ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана бизнестин катышуусуна багытталган, ал эми бул керектөөчүгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоонун негизинде ички рынокту сактоого өбөлгө түзөт.
Мындан сырткары, кабыл алынган программага ылайык, жыл сайын Бирликтин алкагында коомдун жана бизнестин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелерине кызыкдарлыгын жогорулатууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүүчү тематиканы аныктоо пландаштырылууда.