Жаңылыктар

09.12.2022 (Обновлено: 14.12.2022 16:05)

ЕАЭБде кийин либералдаштыруу үчүн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттардын тизмеси бекитилди

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши либералдаштыруу пландарына ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү боюнча иштер улантыла турган кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлорун (чакан секторлорун) аныктоо максатында, кызмат көрсөтүүлөрдү либералдаштыруу үчүн артыкчылыктуу багыттардын тизмегин бекитти.

Бул тизмеге кызмат көрсөтүүлөрдүн 117 түрү кирди. Алардын арасында - текстиль, кагаз жана андан жасалган буюмдарды, негизги металлдарды, автомобилдерди, чиркегичтерди, транспорттук жабдууларды, химикаттарды жана химиялык өнүмдөрдү, пластмасса буюмдарын өндүрүү, куюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ар кандай тармактардагы консультациялык кызмат көрсөтүүлөр (укук, айлана-чөйрө ж.б.) жана башкалар бар.

Маалымат

Кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү секторлорунда кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүнүн тартиби жана этаптары Жогорку кеңеш тарабынан бекитилген либералдаштыруу пландары менен аныкталат.

Тизмек 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 1.3.1-пункту боюнча иштердин алкагында бекитилет.