8-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Комиссиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун Европалык бизнес ассоциациясынын жана Россиядагы Америкалык соода палатасынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулары болуп өттү.
Жолугушуулардын негизги темалары Евразия экономикалык бирлигинин атаандаштык саясаты маселелери, ошондой эле монополияга каршы иштер боюнча ЕАЭБдин чегинен тышкары катталган чарбакер субъекттерди жоопкер катары тартуу жагында ЕЭКтин компетенциясын кеңейтүү боюнча пландар болду.
Бахыт Султановдун пикири боюнча, чек ара аралык рыноктордогу атаандаштык саясатынын негизги багыттарынын бири бизнестин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укук ченемдери жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу болушу керек.
ЕЭК министри ишкерлер менен диалогдо атаандаштыкка жөндөмдүү аң-сезимди калыптандырууга өзгөчө роль берилерин белгиледи.
"Монополияга каршы мыйзам бузуулардын 80%га жакыны ишкерлер улуттуктан жогорку атаандаштык укугунун өзгөчөлүктөрүн билбегендиктен улам болууда", — деп белгиледи Бахыт Султанов.
Ошол эле учурда, ЕЭКтин монополияга каршы блогунун жетекчисинин сөзү боюнча, чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуулардын алдын алууга көмөктөшүүчү маанилүү инструмент болуп монополияга каршы комплаенс эсептелет. Аны иштеп чыгуу жана ЕАЭБ укугуна киргизүү кыска мөөнөттүү келечекте Комиссиянын атаандаштык боюнча блогунун артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.
Жыйынтыгында Комиссиянын эксперттеринин жана европалык жана америкалык бизнестин өкүлдөрүнүн бир катар жолугушууларын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды, анда катышуучулар чет өлкөлүк компаниялардын катышуусу менен атаандаштык эрежелерин бузуулар жөнүндө иштерди иликтөө боюнча реалдуу кейстер талкуулашмакчы.