Жаңылыктар

02.08.2023

ЕЭКте Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды бирликтик бирдиктүү реестрге киргизүү тартибинин жаңы жоболорун ишке ашыруу талкууланды

Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизүү, аны түзүү жана жүргүзүү тартибинин жаңы жоболорун ишке ашырууну 26-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун катышуусу менен ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аккредитациялоо боюнча органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин отурумунда талкуулашты.

"Тартиптин жаңы редакциясы бирликтик бирдиктүү реестрге киргизилген аккредитациялоо боюнча органдардын ишинин натыйжалуулугун камсыздоого жана шайкештикти баалоо боюнча алар тарабынан аккредитацияланган органдардын ишинин натыйжаларына ишенимди жогорулатууга багытталган. Мындай органдардын нысапсыз ишмердигине жол бербөө, шайкештикти баалоонун белгиленген жол – жоболорун бузуу тобокелдиктерин минималдаштыруу маанилүү", - деп белгиледи Виктор Назаренко.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 22-майында кабыл алынган чечими күчүнө кирип, ал шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды аталган органдардын Бирликтин бирдиктүү реестрине киргизүү критерийлерин толуктаган.

Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо боюнча органынын өз ара салыштырма баалоосунун биринчи (документтик) этабынын жыйынтыктарын карап чыгышты. Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын ишине байкоо жүргүзүү боюнча үстүбүздөгү жылдын июль-август айларында өз ара салыштырма баалоонун экинчи этабын өткөрүү үчүн Жетекчилер кеңеши мындай кыргызстандык органдардын тизмегин аныктады.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо жол-жобосунун бузулушунан улам аккредитациялоо аракети токтотулган (же аккредитациялоо жааты кыскартылган) тиешелүү органдар тарабынан берилген шайкештикти баалоо документтерине карата аккредитациялоо боюнча органдардын жасап жаткан иш-аракеттери жөнүндө маселе каралды. Жетекчилер кеңеши мүчө мамлекеттердин контролдоо (көзөмөлдөө) органдары жана (же) башка ыйгарым укуктуу органдары тарабынан шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин колдонулушун токтото туруу же токтотуу (жараксыз деп табуу) боюнча Бирликтин актысын иштеп чыгуу зарылдыгын колдоду.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 5 Чечими менен Бирлик жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу жаатындагы аккредиттөөнү өнүктүрүү үчүн ЕАЭБдин көмөкчү органы катары түзүлгөн.