Жаңылыктар

07.09.2023 (Обновлено: 11.09.2023 10:17)

ЕЭКте кытайлык кесиптештерге "Бир алкак, бир жол" демилгеси менен айкалыштыруу боюнча иш жөнүндө айтып беришти

Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков 6-сентябрда долбоордун 10 жылдыгына арналган илимий конференциянын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү пландарын "Бир алкак, бир жол" кытай демилгеси менен айкалыштыруу боюнча иштер жөнүндө айтып берди. Иш-чаранын уюштуруучусу Кытай Эл Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги болду. 

Владимир Серпиков белгилеп өткөндөй, айкалыштыруу, биринчи кезекте, ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө 2018-жылдын 17-майындагы макулдашууну, ошондой эле практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жол картасын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылууда.

"ЕАЭБ ишке ашырып жаткан "Евразиялык агроэкспресс" жана транспорттук коридорлорду санариптештирүү сыяктуу долбоорлор өз ара сооданын көлөмдөрүн өстүрүүгө, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, аймак ичиндеги байланышты жогорулатууга, "Бир алкак, бир жол" демилгеси менен натыйжалуу айкалыштырууга өбөлгө түзөт", — деп ишенимин билдирди Владимир Серпиков.

Конференциянын катышуучулары, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле россиялык жана кытай бизнеси демилгени ишке ашыруунун натыйжаларын талкуулашты. Ага бүгүнкү күндө 150гө жакын өлкө катышууда. Акыркы мезгилде көптөгөн деңиз порттору менен бириктирилген алты транспорттук коридор түзүлүп, натыйжалуу каржы платформасы курулуп, миллиондогон жаңы жумуш орундары түзүлдү.