Жаңылыктар

30.09.2024

Ереванда ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды

Ереванда өткөн Евразия экономикалык форумунун аянтчасында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы эксперттерин чогулткан "Бирдиктүү эмгек рыногу: өнүгүү перспективалары" тематикалык сессиясы болуп өттү.

Сессиянын ишине эмгек жана социалдык коргоо министрликтеринин, ЕАЭБ мамлекеттеринин бизнес-ассоциацияларынын, профсоюздарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Алар эмгек рыногунун керектөөлөрүн болжолдоо, кесиптик көндүмдөрдү таануу, чек ара аралык кесиптик өнүгүү маселелерин, коомдук уюмдардын ролун, ошондой эле эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун коргоо маселесин талкуулашты.

Сессиянын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов болду. Министр Бирликтин укугу менен мамлекеттер аралык ишке орноштуруу процесси жөнөкөйлөтүлгөнүн жана ЕАЭБде мыйзамдуу жана коопсуз эмгек миграциясы үчүн шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

"Бирликте бирдиктүү эмгек рыногунун алкагында эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо маселелери чечилген, мамлекеттер аралык ишке орноштуруу үчүн пайдалуу санариптик сервистер түзүлүүдө, педагогдордун, юристтердин билими жөнүндө документтерди, окумуштуулук даражаларды таануу маселелеринде алып коюулар четтетилди, болуу өлкөсүндө административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн перспективалары талкууланууда", – деп белгиледи ЕЭК министри.

ЕАЭБ ичинде эмгек миграциясынын орточо жылдык агымы миллионго жакын адамды түзөт. Эмгек мигранттарынын эң көп саны курулушта (23% же 230 миң адам), дүң жана чекене соодада (15% же 150 миң адам), товарларды ташууда жана сактоодо (8% же 80 миң адам), кайра иштетүүчү өндүрүштө (5% же 50 миң адам) жана айыл чарбасында (2% же 20 миң адам) иштешет.

"Сессияда айтылган бардык сунуштарды жана демилгелерди кылдат иштеп чыгууну пландаштырып жатабыз. Биздин максат – бирдиктүү эмгек рыногунун ишин жакшыртуу жана Бирликте эмгек миграциясы үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү", – деп жыйынтыктады Бахыт Султанов.