Жаңылыктар

27.10.2022

Бирликте суутек энергетикасын өнүктүрүү үчүн багыттар белгиленди

Илимий-техникалык чөйрөдө кооперациялык байланыштарды өнүктүрүү өтө маанилүү, анын үстүнө Евразия экономикалык бирлигинде суутек энергетикасынын келечеги үчүн зарыл иш болуп саналат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник International Hydrogen Conference суутек энергетикасы боюнча эл аралык конференцияда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Конференциянын негизги темасы эл аралык суутек диалогун, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий-технологиялык кызматташтыкты жана компетенциялардын трансферин өнүктүрүү болду.

"Комиссия Бирлик өлкөлөрү менен бирликте бир катар багыттар боюнча суутек энергетикасын өнүктүрүү боюнча системалык жана узак мөөнөттүү иштер үчүн багыттарды белгиледи. Кеп мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык иштеп чыгуулар чөйрөсүндөгү алдыңкы илимий уюмдарынын суутек энергетикасы жаатындагы алдыңкы чечимдерге көмөктөшүүсү, суутекти өндүрүү, сактоо, ташуу жана колдонуу үчүн жабдууларды даярдоо бөлүгүндө кооперациялык жана технологиялык чынжырларга кошуу жөнүндө болуп жатат, - деп билдирди Николай Рогожник. - Ошондой эле өнөр жайдын ар кандай тармактарында, транспортто жана энергетикада суутек технологияларын колдонуу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга, суутек энергетикасынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн себилдегичтердин импортту алмаштыруучу өндүрүшүн, даяр продукцияны түзүүгө көмөк көрсөтүү маанилүү".

Николай Рогожник ЕЭКтин жана мүчө мамлекеттердин биргелешкен ишинин иш жүзүндөгү жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Бирлик өлкөлөрүнүн ар биринин дараметин эске алуу менен суутек энергетикасы чөйрөсүндө кызматташтыктын негизги багыттары боюнча жалпы ык-амалдарды калыптандыруу жөнүндө, ЕАЭБ мамлекеттеринде суутек энергетикасы чөйрөсүндө илимий-изилдөө долбоорлорунун, жабдуулардын жана себилдегичтердин даярдалган ачык каталогу жөнүндө айтып берди, ал контентти ыкчам жаңыртуу мүмкүнчүлүгү менен Комиссиянын сайтына жайгаштырылат.

Маалымат

International Hydrogen Conference суутек энергетикасы боюнча эл аралык конференция 27-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын, Россия Федерациясынын Энергетика министрлигинин жана Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигинин колдоосу менен болуп өттү. Суутек энергетикасын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, тармактык уюмдардын, ассоциациялардын, илим жана бизнестин өкүлдөрү катышышты.