Жаңылыктар

17.03.2022

ЕАЭБ өлкөлөрүндө окумуштуулук даражалар жөнүндө документтер "түздөн түз" таанылат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Документ ага кол коюу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүүгө жөнөтүлөт.

"Макулдашуу эмгекчилер кесиптик ишмердик жүргүзүүсү үчүн мүчө мамлекеттерде окумуштуулук даражалары жөнүндө берилген документтерди өз ара түздөн-түз таанууну караштырат", – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев.
Азыркы учурда жумушка орношуу мамлекетинде окумуштуулук даражаларды таануу үчүн нострификация (таануу) жол-жобосунан өтүү зарыл, ал ЕАЭБ өлкөлөрүндө татаалдыгы жана узактыгы боюнча айырмаланат.

Бул ЕАЭБ алкагында жогорку илимий квалификациядагы жумушчулардын кыймылын татаалдаштырат.

Макулдашуунун долбоору жогорку квалификациялуу жумушчулардын кыймылын жана ЕАЭБ мамлекеттеринде биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.