Жаңылыктар

02.02.2023

Варос Симонян: "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маалыматтык өз ара аракеттенүүсү жаңы деңгээлге чыгууда"

2024-жылдын аягына чейин Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда маалымат алмашуу жүргүзүлүүчү жалпы процесстердин санынын көбөйүшү күтүлүүдө. Бул туурасында Алматыда "Digital Almaty 2023": Жаңы реалдуулуктагы санариптик өнөктөштүк" санариптик форумунун талааларында Бирлик өлкөлөрүнүн профилдик министрлеринин катышуусу менен өткөн тегерек столдун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян билдирди.

ЕЭК министри Бирликтин алкагында жалпы процесстерди жүзөгө ашырууга мүчө мамлекеттердин жогорку тартылышын, Комиссиянын көмөк көрсөтүүсү менен өлкөлөрдүн бул жагынан техникалык даярдыгынын жогорулашын баса белгиледи. 

"Биз үчүн 2023-жыл принципиалдуу мааниге ээ болот, анткени биз олуттуу милдетти – Бирликте 50дөн ашык жалпы процесстердин талаптагыдай иштешин камсыз кылууну чечишибиз керек", - деп белгиледи Варос Симонян.

Анын айтымында, 2024-жылдын аягына карата ЕАЭБде жалпы процесстердин саны 70тен ашыкка чейин көбөйүшү күтүлүүдө, алар боюнча бирликтик өлкөлөрдүн ортосунда маалымат алмашуу жүргүзүлөт. Комиссия алдына ар кандай бизнес-процесстердин алкагында G2G форматында маалымат алмашууну толук техникалык жана уюштуруучулук камсыздоо боюнча милдетти коет.

"Учурдагы тактикалык милдеттер менен бирге, анын ичинде 2027-жылга чейинки Максаттуу программаны жетекчиликке алуу менен, биз Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумун баскычтар боюнча санариптик платформага өтүүсүн, башкача айтканда, өз ара аракеттенүүнүн кыйла заманбап жана натыйжалуу моделине өтүүсүн камсыздайбыз", - деп жыйынтыктады Варос Симонян.


Маалымат

ЕАЭБдин алкагындагы жалпы процесстер – Бирликтин укугун түзгөн эл аралык келишимдер жана актылар жана мүчө мамлекеттеринин мыйзамдары менен регламенттелген (белгиленген), мүчө мамлекеттердин биринин аймагында башталып, башка мамлекетинин аймагында аяктаган (өзгөргөн) операциялар жана жол-жоболор.