Жаңылыктар

25.06.2024

Бирдиктүү санитардык талаптарга өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 25-июнда Бирдиктүү санитардык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизди, анда жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарына антигельминттик ветеринардык дары-дармек каражаттарынын максималдуу жол берилген деңгээлдерин (МЖД) киргизүү каралган.

Аталган МЖД белгилөө зарылдыгы, алар Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде колдонууга уруксат берилгендигинен жана продуктивдүү жаныбарларды багууда кеңири колдонулгандыгынан улам келип чыккан. Ошол эле учурда ЕАЭБ актыларында жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарынын курамында алардын камтылышынын жол берилген деңгээлдери каралган эмес.

ЕЭК Коллегиясынын чечими жаныбарлардан алынган коопсуз тамак-аш продукциясын чыгарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошону менен Бирлик өлкөлөрүнүн калкынын өмүрүн жана саламаттыгын, анын ичинде ДССУ, ФАО, ЮНЕП жана ДЖСУнун "Бирдиктүү ден соолук" концепциясынын алкагында тиешелүү деңгээлде коргоо камсыз кылынат.

Коллегиянын чечими белгиленген МЖД Бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине киргизилгенден кийин күчүнө кирет.

ДССУ – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ФАО – Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, ЮНЕП – Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасы, ДЖДУ – Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча уюм.