II Евразия экономикалык форумунун алкагында туризм боюнча "Евразияны ачабыз"сессиясы өткөрүлдү.
Туризмди өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланды, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн Евразия мамлекеттеринин, ошондой эле жалпысынан Евразия экономикалык бирлигинин алдында турган милдеттерди ишке ашырууга карата мамилелерди иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашуусу болду.
Буга байланыштуу сессиянын катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүндө туризмди өнүктүрүү үчүн Бирликтин потенциалын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
"Туристтик тармак олуттуу мультипликативдик таасири менен айырмаланат, чектеш тармактардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет, жумушчу орундарын түзөт, чакан жана орто бизнес үчүн перспективаларды кеңейтет", — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директору Ернар Бакенов өз сөзүндө.
"Евразияны ачабыз" сессиясы Евразиялык туристтик маршруттарды түзүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын стандарттарын салыштыруу, өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо үчүн аянтча болуп калды. Алар 2025-жылга чейин евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын алкагында туризм чөйрөсүндөгү негизги иш-чаралар болуп саналат.