Жаңылыктар

20.09.2023

Бирликтин "Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөр күчүнө кирет

2023-жылдын 22-сентябрында, расмий жарыяланган күндөн тартып 360 күн өткөндөн кийин, Бажы бирлигинин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөр күчүнө кирет, алар Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 143 чечими менен кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр техрегламенттин түшүнүк аппаратын, ошондой эле физикалык-химиялык жана микробиологиялык көрсөткүчтөрдү тактоо максатында даярдалган, бул мындай продукцияны даярдоочулар үчүн да, көзөмөлдөө органдарынын жана сыноо лабораторияларынын адистери үчүн да сүт продукциясынын айрым түрлөрүн идентификациялоо жол-жобосун өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет, бул рыноктун катышуучуларынын ишине оң таасирин тийгизет.

Комиссиянын Коллегиясынын 2023-жылдын 14-мартындагы № 34 чечими менен өткөөл мезгил белгиленген, ал өзгөртүүлөр күчүнө кирген күндөн тартып 180 календардык күндөн кийин аяктайт.