Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 6-октябрдан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Казакстан Республикасынын атынан жаңы мүчөсү (Министри) болуп Бахыт Султанов дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аралык рынокторундагы монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштык маселелери кирмекчи.
Бахыт Султанов 2003-жылдан 2006-жылга чейин Казакстан Республикасынын экономика жана бюджеттик пландаштыруу боюнча вице-министри болуп иштеген. 2006-2007-жылдары – Статистика боюнча агенттиктин төрагасы, финансы боюнча вице-министр, Казакстан Республикасынын экономика жана бюджеттик пландаштыруу министри.
2010-2013-жылдар аралыгында Президенттин жардамчысы, Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары кызматын ээлеген.
2013-жылдан 2018-жылга чейин – Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары жана Казакстан Республикасынын финансы министри.
2018-2022-жылдар аралыгында Астана шаарынын акими, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри, Казакстан Республикасынын Премьер- министринин орун басары - соода жана интеграция министри кызматтарын ээлеген.
Ыраазычылык каттар менен сыйланган, "Курмет" (2006-ж.), "Парасат" (2012-ж.), III даражадагы "Барыс" (2021-ж.) ордендеринин кавалери.