2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу планына ылайык, Евразия экономикалык комиссиясы продукциянын сапатын камсыздоонун евразиялык тутумун түзүү Концепциясынын долбоорун иштеп чыгууга киришти.
Бул үчүн Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде жана үчүнчү өлкөлөрдө иштеп жаткан мындай тутумдарга талдоо жүргүзүлгөн. Аналитикалык маалыматтардын негизинде евразиялык концепциянын долбоорун иштеп чыгуунун негизин түзгөн сунуштамалар иштелип чыккан. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары ЕЭК Коллегиясынын отурумунда сунушталды.
Бирликтин аймагында жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын сапатын камсыздоо евразия экономикалык интеграциясын ийгиликтүү өнүктүрүүнүн, Бирликтин жалпы рыногунда ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүүнүн, керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыздоонун жана коргоонун, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукцияларынын тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат.
Бул иш бизнес үчүн Бирликте атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү боюнча жагымдуу шарттарды, ал эми керектөөчү үчүн – сапаттуу продукция рыногунда жүгүртүү боюнча зарыл шарттарды түзүүчү тутумду түзүүгө багытталган. Комиссия 2023-жылдын аягына чейин аны Бирлик мамлекеттеринин башчыларынын деңгээлинде кол коюу үчүн, Концепциянын долбоорун толуктап иштеп чыгууну улантат.