Жаңылыктар

14.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 12:40)

ЕЭК коомдук кабылдаманын натыйжалары боюнча эскертме берди

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдин чек ара аралык рыногунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууга алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттерди аткарууга жол коюлбагандыгы жөнүндө эскертме берди.

9-июнда Нур-Султанда болуп өткөн коомдук кабылдаманын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын полиэтилен материалдарын өндүрүү чөйрөсүндөгү бизнесинин өкүлү жалпыга маалымдоо каражаттарында жакынкы убакытта полиэтилен продукциясын өндүрүү үчүн чийки затка баалардын өсүшү жөнүндө билдирүүлөр таралып жаткандыгы жөнүндө билдирди.

Бул факт Комиссия тарабынан ыкчам түрдө текшерилип, ал тастыкталгандан кийин тийиштүү эскертме берилди.

Бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн мындай форматы – коомдук кабылдамалар – бизнеске Комиссияны өзүнүн көйгөйлөрү жөнүндө маалымдоого, ал эми Комиссияга, мындай сигналды алгандан кийин, ыкчам таасирденүүгө мүмкүндүк берет.

Коомдук кабылдаманын отурумдары ЕЭКтин атаандаштык боюнча блогу тарабынан үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп, аларга Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнесинин өкүлдөрү тике диалог үчүн чакырылат. "Отурумдардын натыйжалары боюнча биз ишкерлердин бардык суроолорун чогултуп, аларга жоопторду Комиссиянын сайтында жайгаштырабыз же аларга түздөн-түз жиберебиз. Зарыл болгон учурларда конкреттүү чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн жеке консультацияларды өткөрөбүз", – деп ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев түшүндүрдү.

Мындан сырткары, катышуучулар өнөр жай товарларынын жеткирүүчүлөрүнүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларында катышууга тоскоолдуктарсыз мүмкүндүк алуусун камсыз кылуу маселелерин карап чыгышты. Катышуучулар Комиссиянын маалыматтык ресурсу – ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын евразиялык реестри, аны түзүү тартиби жана ага ЕАЭБде өндүрүлгөн өнөр жай продукциясын киргизүү алгоритми менен таанышышты.

Мындан сырткары, катышуучулар Бирликтин өлкөлөрүнүн аймактарында дары-дармек препараттарын каттоо, ЕАЭБде алар боюнча өндүрүү шарттары кабыл алынган товарлардын тизмегин кеңейтүү ж.б. боюнча маселелерди көтөрүштү.

Жолугушуунун аягында ЕЭК өкүлдөрү ишкерлерди өзүнүн товарлары жөнүндө маалыматтарды евразиялык реестрге бир кыйла активдүүрөөк киргизүүгө чакырып өтүштү, бул аларга Бирликтин өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларында катышууга мүмкүндүк берет.