Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы беларустук компанияга жана анын жетекчисине кальян жайларынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн трансчек аралык рыногундагы нысапсыз атаандаштыгы үчүн айып салды. Айып пулдардын жалпы суммасы 800 000ге жакын россиялык рублди түздү.
Буга чейин Комиссияга россиялык эки компания – белгилүү "HOOKAH PLACE" кальян жайларынын тармагынын түзүүчүлөрү жана уюштуруучулары беларустук компаниясынын нысапсыз иш-аракеттерине арыз менен кайрылышкан. Алардын пикири боюнча, мыйзам бузуучу керектөөчүлөрдү белгилүү россиялык брендге тиешеси бар экендиги боюнча адаштырган.
Ишти кароонун жүрүшүндө беларустук компания Беларустун аймагында россиялык компаниялардын белгисине окшош товардык белгини бир аз айырмачылык менен – "HOOKAHPLACE" (бириктирип) деп каттагандыгы аныкталган. Ошол эле учурда россиялык ишкерлер товардык белгисин бир нече жыл мурда каттоодон өткөрүшкөнү белгилүү болгон.
Айып пулдардан тышкары, Коллегиянын Чечимине ылайык, беларустук компания кальян жайларынын кызматтарын көрсөтүүчүсү боюнча керектөөчүлөрдү адаштырышы мүмкүн болгон иш-аракеттерди токтотуп, андан ары жасабашы керек.