Жаңылыктар

17.03.2022 (Обновлено: 29.03.2022 13:07)

ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар үчүн өнөр жай товарларынын тизмеси 52 топ менен толукталды

17-мартта ЕЭК Кеңеши Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерине карата № 1 тиркемени дагы 52 товардык позиция менен толуктады.

ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары жана бизнеси менен биргеликте, аларды аткарууда товарлар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарында өндүрүлгөн деп эсептелген бир катар товардык позициялар үчүн шарттарды жана өндүрүштүк операцияларды макулдашты. Кеп лифттер, кабель продукциясы, компьютердик томографтар, соркысмалар, бекитүүчү арматуралар, подшипниктер жана башка товарлар жөнүндө болууда.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиевдин айтымында, ЕЭК Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечим Бирликтин өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн ЕАЭБ мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алууларына катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. 

"Киргизилген өзгөртүүлөр өнөр жай товарларын жеткирүүчүлөргө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына катышууга түз жана бирдей мүмкүнчүлүк берет", – деп белгиледи министр.

Маалымат:

Мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн (ТКӨ) аныктоо эрежелери ЕЭК Кеңешинин 23.11.2020-жылдагы №105 чечими менен бекитилген.

ТКӨ эрежелерине карата № 1 тиркемеде буга чейин 263 товардык позиция боюнча өндүрүш шарттары камтылган. Кабыл алынган чечим дагы 52 товардык позиция үчүн өндүрүш шарттарын аныктады. Алардын катарына "Энергетикалык машина куруу, электротехникалык жана кабелдик өнөр жай" (ар кандай чыңалуудагы электр кабелдери, зымдар, була-оптикалык жана оптикалык була кабелдери), "Адистештирилген машиналарды куруу" (лифттер, таптап тыгыздоо машиналары жана автомобилдерге - самосвалдарга карата технологиялык операцияларды өзгөртүү), "Медициналык буюмдар" (медициналык маскалар, компьютердик томографтар, рентгеноскопиялык аппаратура, вибрациялык аппараттар), "Курулуш материалдары" (цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган буюмдар, шагыл жана таштан жасалган башка гранулдар, күкүм, күлмайда), "Мунай-газ машина куруу" (соркысмалар, бекитүүчү арматура, подшипниктер) тармактарынын товарлары киришти.