Жаңылыктар

15.12.2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттери КМШ МАК алкагында стандартташтырууну өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууда

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун катышуучу мамлекеттеринин стандартташтыруу, метрология, сертификациялоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинде билдирди (Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (МАК) 64-отуруму). Иш-чара 14-15-декабрда Минск шаарында болуп өттү.

Виктор Назаренко баса белгилегендей, стандартташтырууну өнүктүрүү үчүн эксперттик потенциалды жана башка ресурстарды биргелешип колдонуу анын потенциалын жогорулатууга гана өбөлгө түзбөстөн, Бирликтин жалпы рыногунун алкагында ак ниет атаандаштыкты түзүү, экономика тармактарын илимий-техникалык өнүктүрүү деңгээлин жогорулатуу үчүн оң шарттарды түзөт, өнөр жай кооперациясын кеңейтет, ЕАЭБ өлкөлөрү менен КМШнын катышуучу башка мамлекеттердин ортосунда сооданы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

"Заманбап мамлекеттер аралык стандарттар техникалык регламенттерди далилдөөчү база менен камсыз кылат, продукцияга талаптарды жана аны изилдөө ыкмаларын белгилейт жана бул талаптарды жана изилдөө ыкмаларын жогорку техникалык деңгээлде колдойт. Үстүбүздөгү жылы ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген, Бирликте стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартиби зарыл болгон мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну пландоону координациялоого жана бул ишти жаңы системалык деңгээлге коюуга багытталган", – деп белгиледи ЕЭК министри. – Мунун таасири ЕАЭБдин алкагында гана эмес, бүтүндөй КМШ мейкиндигинде позитивдүү болот деп толук ишенем".  

15-декабрда Минскте өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында Бирлик мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү Бирликте техникалык жөнгө салуу максатында стандартташтырууну өнүктүрүү боюнча, ЕАЭБ техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин баалоо практикасын жана алар менен өз ара байланышкан стандарттардын тизмесин киргизүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн бир катар практикалык багыттарын талкуулашты. Виктор Назаренко Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрүнө бул маселелер боюнча Комиссиянын көз карашы менен тааныштырып, жыйындын катышуучуларына колдоо тапкан бир катар сунуштар менен чыкты. Кабыл алынган чечимдерди Комиссиянын жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын конкреттүү иш-чараларына имплементациялоо пландаштырылат.

Маалымат

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши (МАК) стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча макулдашылган саясатты түзүү жана жүргүзүү боюнча КМШнын өкмөттөр аралык органы болуп саналат.

МАК Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм тарабынан (ИСО) – EASC Стандартташтыруу боюнча регионалдык уюм деп таанылган (ИСО Кеңешинин резолюциясы 26/1996).

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 14 Чечими менен ЕАЭБ жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу жаатындагы стандартташтырууну өнүктүрүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин көмөкчү органы катары түзүлгөн. 2023-жылы Кеңеште Россия Федерациясы төрагалык кылды.