Жаңылыктар

16.11.2023

ЕАЭБ өлкөлөрү туруктуу өсүш траекториясына чыгышты

Мындай тыянакка 15-ноябрда Москвада "Президент-отелде" өткөн "Интеграция" евразиялык ишкер форумунун катышуучулары келишти. Форумдун пленардык отуруму Чоң Евразиялык өнөктөштүккө жана жигердүү өнүгүү стратегиясына арналды.

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри, пленардык сессиянын модератору Сергей Глазьев азыркы учурда Комиссия Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен биргеликте 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде ЕАЭБ алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын долбоорунун үстүндө жигердүү иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле ЕАЭБдин иштеши жөнүндө баяндама даярдалууда, анда бирикме иштеген бүтүндөй мезгил камтылышы күтүлөт. Эки документ тең декабрда мамлекет башчыларына сунушталат.

"Биз жүргүзгөн эсептөөлөр көрсөткөндөй, интеграциялык таасир жетишерлик чоң, өзгөчө өнөктөштөр менен тыгыз интеграцияланган мамлекеттер үчүн. ИДӨнүн өсүшүнө интеграциянын эң чоң салымын биз Беларуста, ошондой эле олуттуу көрсөткүчтөрдү - Кыргызстанда жана Арменияда көрүп жатабыз. Казакстан менен Россияда таасирлер салыштырмалуу төмөн, бирок абсолюттук мааниде алар кем эмес. Башкача айтканда, евразия экономикалык интеграция экономикалык жигердүүлүктүн кыйла жогорку өсүшүн берет, ошону менен бирге өсүү мүмкүнчүлүктөрү - эбегейсиз зор", - деп билдирди Сергей Глазьев. 

Ошондой эле ал ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүштүк кубаттуулуктарды жүктөмдөрү 60%дан бир аз ашыкты түзөөрүнө көңүл бурду, бул продукцияны чыгарууну өстүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, анын баамында, ЕАЭБде импортту алмаштыруунун зор дарамети бар. 

РФ экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач өз кезегинде ЕАЭБ түзүлгөндөн бери өз ара соода дээрлик эки эсеге, тышкы өнөктөштөр менен 60%га өскөнүн билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында ЕАЭБде өз ара сооданын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 9%га өскөн жана 4,5 трлн рублга жакынды түзгөн.

"2023-жылы үстүбүздөгү жылдын тогуз айында биз ЕАЭБдин жалпы ИДӨсүнүн - 3% туруктуу өсүш траекториясына чыга алдык. Бирликтин эки катышуучусу санкциялык кысымга кабылганына карабастан, биздин жалпы ИДӨ 3%га өсүп жатат", - деди Дмитрий Вольвач.

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев ЕАЭБдин энергетика жана транспорттогу интеграциялык күн тартибине токтолуп, Бирликтин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгын белгиледи. 

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко билдиргендей, ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун түзүү улуттук деңгээлдеги жөнгө салууга кайра кайтуу мүмкүн болбогон акыркы баскычка кирди. Бирок андан аркы кыймылга интеграциялык мүмкүнчүлүктөргө зыян келтирген, мамлекеттердин деңгээлинде таасир этүү куралдары сакталган тенденция тоскоол болууда.

Кытай Эл Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси-элчиси Лю Цинхуа Евразия экономикалык бирлиги менен "Бир жол, бир жол" кытай демилгесин айкалыштыруу боюнча ишке карата көз караштары менен бөлүштү. "Айкалыштыруу жана кызматташтык тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүнө туура келет жана өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын чагылдырат", - деп баса белгиледи ал. 

Россиялык өнөр жайчылардын жана ишкерлердин бирлигинин (РӨИБ) вице-президенти Александр Мурычев ЕАЭБде кабыл алынган өнөр жай кооперациясын каржылоо программасы – бизнес үчүн маанилүү инновация экенин билдирди жана программага чакан жана орто бизнестин көп сандагы өкүлдөрү катыша аларына үмүтүн билдирди. 

"Бириккен транспорттук-логистикалык компания – Евразиялык темир жол альянсы" АК ("БТЛК ЕТА" АК) башкы директору Алексей Гром жүк ташууларды өнүктүрүүнүн динамикасы жөнүндө айтып берди, ал эми Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Елена Ягодкина транзиттик ташууларды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү маселелерине токтолду. 

Ошондой эле пленардык отурумда төмөнкүлөр чыгып сүйлөштү: Росстандарттын жетекчиси Антон Шалаев, ал өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө макулдашылган саясаттын жоктугу көйгөйүн көтөрдү, "ЛВО" ЖЧКсынын (Беларусь Республикасы) директору Олег Кондратенко жана Улуттук рейтинг агенттигинин башкы директору Татьяна Григорьева, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун деңгээлинде туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин интеграциялоого токтолушту.

Маалымат

"Интеграция" евразиялык ишкер форуму 2019-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана өнөр жай жана экономикалык кызматташтыктын актуалдуу көйгөйлөрүн жана перспективаларын талкуулоо, ошондой эле ЕАЭБ мейкиндигинде ишкерлердин жана достук өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн эл аралык талкуу аянтчасы болуп саналат.