ЕЭКтин ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Ермек Куантыровдун айтымында, инновациялык бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги аспект болуп интеллектуалдык менчик объектилеринин жашоо циклинин бардык этаптарында санариптик технологияларды киргизүү саналат.
"Евразия экономикалык комиссиясы дүйнөлүк тажрыйбага жана ЕАЭБ мамлекеттеринин тажрыйбасына таянып, интеллектуалдык менчик жаатында евразиялык жол-жоболорду интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана сактоо жол-жоболорунун жогорку натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген заманбап санариптик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүүдө", – деп белгиледи Ермек Куантыров.
Талкуунун катышуучуларына Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылып жаткан интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ЕЭКтин долбоорлору жөнүндө маалымат берилди.
"Жалпы евразиялык жол-жоболорду ишке ашырууда Комиссия жана биздин өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн жол-жоболорун маалыматташтыруу боюнча мүчө мамлекеттердин мыкты тажрыйбаларын максималдуу эсепке алуу милдети коюлат", – деп баса белгиледи ЕЭК департаментинин директору.
Маалымат
"Антиконтрафакт" эл аралык форуму – бийликтин, бизнестин, илимдин өкүлдөрүнүн, укук ээлеринин, өндүрүүчүлөрдүн, авторлордун жана коомчулуктун конструктивдүү диалогу үчүн эң ири эл аралык аянтча болуп саналат. Анда контрафакттык продукцияны таратуу менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун түзүү боюнча сунуштар талкууланат жана иштелип чыгат.
Бишкекте өткөрүлгөн форумдун уюштуруучулары Евразия экономикалык комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы болду.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 3 тескемесине ылайык, форум жыл сайын ротациялык негизде ошол жылы Евразия өкмөттөр аралык кеңеши төрагалык кылган өлкөдө өткөрүлөт.
2023-жылы "Антиконтрафакт-2023" XI эл аралык форуму Россия Федерациясында өткөрүлөт.