Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Миграциялык саясат боюнча консультативдик комитеттин алдындагы миграция боюнча жумушчу топтун катышуучулары эмгек ишмердигин Россия Федерациясында "өз алдынча иштегендер" катары жүзөгө ашырышкан Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жарандарынын болуу мөөнөттөрүнө тиешелүү маселелерди карашты.
Отурумга ЕЭКтин, Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле миграция жана социалдык коргоо маселелери боюнча эксперттер катышышты.
Комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Олег Артамонов маалымдагандай, Россияда "Кесиптик кирешеге салык" атайын салык режимин орнотуу боюнча эксперимент улантылууда, анын алкагында Бирлик өлкөлөрүнүн жарандары "жеке ишкерлер" катары каттала алышат.
"Россиянын ФСК маалыматы боюнча, 2023-жылдын тогуз айында өлкөдө ЕАЭБ мамлекеттеринен 183 миңден ашуун "өз алдынча иштеген" жарандар катталган", – деп белгиледи ЕЭК өкүлү.
Жумушчу топтун катышуучулары – Россиянын ИИМнин өкүлдөрү айтып беришкендей, РФте "өз алдынча иштеген" катары эмгек ишмердигин жүргүзгөн Бирликтин мамлекеттеринин биринин жаранынын жарандык-укуктук келишими (анын ичинде подряд келишими, же акы төлөө менен кызмат көрсөтүү келишими жана башка ушул сыяктуу келишимдер) болушу анын Россия Федерациясынын аймагында болуу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ жарандарынын – кесиптик кирешеге салык төлөөчүлөрдүн болуу мөөнөтүн узартуу механизминин маселесине карата жалпы мамилени иштеп чыгуу боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды.