Жаңылыктар

21.06.2022 (Обновлено: 05.07.2022 10:28)

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 20-21-июндагы отурумунун жыйынтыктары

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 20-21-июнда Минскте (Беларусь Республикасы) бетме-бет форматта өткөрүлгөн отурумунда 16 маселени карап чыгышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бирдиктүү рыноктун продукциянын сезимтал түрлөрү боюнча иштөө эрежелерин аныкташты. ЕӨАКтын тескемеси менен өз ара соодада мындай товарлардын бекитилген индикативдик баланстардын алкагында эркин өткөрүлүшү бекитилди.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүндө транспорт инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүү маселелери жөнүндө баяндаманы угушту жана Бирликтин мамлекеттеринин өкмөттөрүнө ЕЭК менен биргеликте "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" багыттарындагы эл аралык транспорт коридорлоруна кирген Евразия транспорт коридорлорунун жана каттамдарынын транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ишти активдештирүүнү тапшырышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларына ЕЭКтин 2021-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун мониторинги көрсөтүлдү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү биргелешкен иш-аракеттеринин программасын кабыл алды.

21-июнда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тескемеси менен Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө 2021-жыл үчүн ар жылдык отчёту жактырылды.

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрүнө ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин ЕАЭБдин санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө баяндамасы көрсөтүлдү.

ЕАЭБ мамлекеттери твоарларды эсепке алуу тутумун колдоно баштайт. Тийиштүү тескемени Евразия өкмөттөр аралык кеңеши кабыл алды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки отуруму 25-26-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) өткөрүлмөкчү.

Отурумга ЕӨАКтын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ошондой эле Куба Республикасынын Премьер-министри Марреро Крус жана Куба Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Перес Бенитес, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин каржы-экономика жана жакырчылыкты азайтуу маселелери боюнча орун басары – экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министри Джамшид Кучкаров катышышты.

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович делегация башчылары менен биргеликте Минсктеги Жеңиш монументине гүл коюу аземине катышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча кол коюлган документтер

– "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортун жөнгө салуу чараларын ишке ашыруусу боюнча негизги мамилелер жөнүндө" тескеме.

– "Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 2 чечиминин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

– "Евразия экономикалык комиссиясынын 2021-жылда Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону жүргүзүүгө мониторинг жүргүзүү жөнүндө ар жылдык отчету жөнүндө" тескеме.

– "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жайдын приоритеттүү жана жогорку технологиялык тармактарындагы кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия жөнүндө" тескеме

"2015-жылдын 16-октябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагына товарларды алып келүү жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун 3-беренесинин 10-пункту менен каралган, товарларды эсепке алуу тутумун колдонуу жөнүндө" тескеме.

– "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү биргелешкен иш-аракеттеринин программасы жөнүндө" тескеме.

– "Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана алардагы жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө 2021-жыл үчүн ар жылдык отчёту жөнүндө" тескеме.

– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүнүн кандидатурасын көрсөтүү жөнүндө" тескеме (Сагинтаев).

– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүнүн кандидатурасын көрсөтүү жөнүндө" тескеме (Кожошев).

– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүнүн кандидатурасын көрсөтүү жөнүндө" тескеме (Касымалиев).

– "Жогорку Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумун өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.