ЕЭКтин 10 жылдыгы жөнүндө бөлүм


mm_10year.jpgКымбаттуу кесиптештер, достор!

2022-жылдын 2-февралында Евразия экономикалык комиссиясынын 10 жылдыгы белгиленет, аны түзүлүшү евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн сапаттык жаңы институционалдык деңгээлине өтүүнү белгилеген. 2011-жылдын 18-ноябрында Беларустун, Казакстандын жана Россиянын президенттери тарабынан Евразиялык экономикалык интеграция жөнүндө декларацияга кол коюлушу интеграциялык курулуштун жаңы этабынын башталышына карата негизги кадам болуп, анда практикалык өз ара аракеттенүүнүн, Бажы бирлигинин, Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин ченемдик-укуктук базасын түзүүнүн жана алардын негизинде Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин негизги багыттары аныкталган.

Комиссия он жылдын аралыгында Евразия экономикалык бирлигинин туруктуу иштөөчү жөнгө салуучу органы катары, анын иштешин камсыздоо, өз ара пайданы камсыз кылуу, тең укуктуулук жана улуттук кызыкчылыктарды эсепке алуу, кабыл алынган чечимдердин экономикалык негиздүүлүгү, ошондой эле ачыктык, маалымдуулук жана объективдүүлүк принциптеринин негизинде Евразия экономикалык интеграциясын андан ары өнүктүрүү чөйрөсүндө сунуштарды иштеп чыгуу боюнча милдеттерди аткарып келет.

Бул мезгилде биздин өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын эрктүү чечимдеринин, ошондой эле Комиссиянын, мүчө мамлекеттердин министрликтеринин жана ведомстволорунун биргелешкен ишинин аркасында интеграциялык процесстердин өнүгүшүнүн жогорку арымдарын камсыздоого мүмкүн болду.

Бул жылдары Комиссиянын Коллегиясынын курамы эки жолу алмашты. Комиссиянын Коллегиясынын ар бир Төрагасынын алдында дымактуу максаттар жана актуалдуу милдеттер турду. Комиссиянын ишиндеги ырааттуулук Бирликтин күн тартибин натыйжалуу ишке ашыруунун ачкычы болуп калды. 2012-2016-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын ишин калыптандыруу - Виктор Борисович Христенконун жетекчилиги астында Комиссия Коллегиясынын биринчи курамынын эмгегинин натыйжасы экени талашсыз, 2016-2020-жылдары Комиссия менен Бирликтин ишинин биринчи жыйынтыктарын эске алуу менен интеграциялык долбоорду иштеп чыгуу Тигран Саркисян төрагалык кылган экинчи курамдын милдети болуп калды, интеграциянын жаңы мазмунун издөө жана пандемияга байланыштуу болуп көрбөгөндөй чакырыктарга жооп берүү – Комиссиянын учурдагы Коллегиясынын милдеттери.

Комиссия Кеңештин мүчөлөрүнүн, Коллегия мүчөлөрүнүн, Комиссиянын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүшүнө татыктуу салым кошкон жоопкерчиликтүү ишинин аркасында коюлган максаттарга жетише алды.

Комиссиянын бардык эл аралык кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер - бул интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн укуктук жана экономикалык негиздери. Бирлик жөнүндө келишим, Бажы кодекси, 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары кабыл алынган, Бирликке жаңы мүчөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин кошулуусу камсыздалууда, эмгекчилердин кыймыл эркиндиги жана социалдык кепилдиктери камсыз кылынган, Пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген, 50дөн ашык техникалык регламенттер жана 12000ден ашык эл аралык стандарттар колдонулууда, 180 миллиондон ашык керектөөчүлөр үчүн товарлардын бирдиктүү рыногу ийгиликтүү иштеп жатат.

Топтолгон потенциал, Кеңештин, Коллегия мүчөлөрүнүн, Комиссиянын кызмат адамдарынын, кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгү убакыттын бардык талаптарына мындан ары да жооп берүүгө жана евразиялык интеграциянын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ишенем.

Урматтуу достор жана кесиптештер, сиздерди мааракелик күн менен куттуктайм!

Бардыгыңыздарга жаңы жетишкендиктерди, чың ден-соолук жана бакубатчылык каалайм!