Евразия экономикалык комитети менен ЕС, ЕБРР, ОБСЕ, ЮНКТАД сыяктуу эл аралык жана аймактык олуттуу уюмдардын өкүлдөрү менен жумуш алакалары түзүлгөн. Интеграциялык процесстерди натыйжалуу өнүктүрүү жагында тажрыйба алмашуу жана евразия интеграциясынын мааниси, иштин абалы жана алдыдагы милдеттер тууралуу объективдүү маалыматты чет элдик кеңири коомчулукка жеткирүү максатында бул түзүмдүктөр менен өз ара иш алып барууну өнүктүрүү жана бир нукка салуу мүмкүнчүлүктөрү иликтенүүдө. Евразия экономикалык комиссиясы жана Шанхай кызматташтык уюмунун ортосундагы өз ара иш жүргүзүүлөр тууралуу меморандумду иштеп чыгуу жана ага кол коюу пландаштырылууда.
ЕЭКтин үчүнчү тараптар менен кызматташтыгын жөнгө салуу жагында жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерге кошулууну үндөгөн Кыргыз Республикасы менен да кыйла курч сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.