Соода жол-жоболорун жеңилдетүү жана улуттук бирдиктүү терезелердин интеграциялык өз ара аракеттенүүлөрү жагында мастер -план боюнча семинар

Соода жол-жоболорун жеңилдетүү жана улуттук "бирдиктүү терезелердин" интеграциялык өз ара аракеттенүүлөрү жагында мастер -план боюнча  семинар
 ​

2013-жылдын 25-26-ноябрында Москвада Евразия экономикалык комиссиясы жана Европа экономикалык комиссиясы БУУнун ЕЭК "ББ/ЕЭМте соода жол-жоболорун жана "бирдиктүү терезе" долбоорлорун жеңилдетүүгө колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында Соода жол-жоболорун жеңилдетүү жана улуттук "бирдиктүү терезелердин" интеграциялык өз ара аракеттенүүлөрү жагында мастер -план боюнча  семинар өткөрүштү.  Буга чейин  бул долбоордун алкагында 2013-жылдын апрелинде соода жол-жоболрун жана "бирдиктүү терезени" жеңилдетүү боюнча Экинчи конференция​ өткөрүлгөн. 

Семинар ББ/ЕЭМ мүчө мамлекеттердин улуттук мамлекеттик органдарынын "бирдиктүү терезе" улуттук механизмин иштеп чыгууда жана алардын интеграциялык өз ара аракеттенүүсүн калыптандырууда макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу боюнча иштерди жигердештирүүгө арналган.

Учурда Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин ар бири тышкы соода агымдарын жөнгө салууда мындай ыкманын зарылчылыгын, айрыкча ДСУда соода жол-жобосун жеңилдетүү боюнча келишимди кабыл алынышы жагында зарылчылыгын түшүнөт. Балиде өткөн ДСУнун Тогузунчу Министрлер конференциясында макулдашылышы мүмүкүн болгон бул Келишим долбоорунда "бирдиктүү терезе" жобосу бар, ага ылайык ДСУ мүчөлөрү импорт, экспорт же транзит үчүн зарыл болгон маалымат ВЭД катышуучулары тарабынан бир жолу жана кийинки бир өткөрмө каналдан кийин берилиши үчүн "бирдиктүү терезе" механизмин түзүүгө умтулушат.

25-26-ноябрдагы семинарда "бирдиктүү терезе" механизмин түзүүдө  чет өлкөлөрдүн (Сингапур, Корея жана Франция) алдыңкы тажрыйбалары, ошондой эле Европа бирлигинин "бирдиктүү терезе"механизмдеринин аймактык өз ара аракеттерин түзүү боюнча тажрыйбасы каралган. Бул тажрыйбаны үйрөнүү Бажы бирлигинин тышкы жана өз ара соода боюнча интеграцияланган маалымат сисиемасынын (ИИСВВТ) түзүлгөндүгүнө байланыштуу, учурда актуалдуу болууда. ИИСВВТ тиешелъъ юридикалык негиз калыптанган шартта улуттук "бирдиктүү терезелердин" өз ара электрондук маалыматтык аракеттенүүлөрүн камсыз кылган система катары иш алып бара алмак.

Мындан тышкары семинарда Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишин жөнгө салуу системасында "бирдиктүү терезе" технологиясын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоору эксперттердин кароосуна сунушталган.