Ички рыноктордун иши боюнча департамент (мындан ары - Департамент) - Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары- Комиссия) Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын ичкирыногунун иштөөсүнүн чөйрөсүндө Комиссиянын ишин камсыз кылуучу түзүмдүк бөлүмү.

Департамент жөнүндө жобо Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын 2023-жылдын 25-апрелдеги № 108 буйругу менен бекитилген.    

       

Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого, Департаменттин компетенциясына кирген бөлүгүндө Бирлик органдарынын башка ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;    

2) ички рынокто тоскоолдуктарды табуу жана аларды четтетүүгө мониторинг жүргүзүү механизмдерин түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу (маалыматтык технологияларды колдонууну караган механизмдерди кошкондо), анын ичинде мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары, жергиликтүү башкаруу (өз алдынча башкаруу) органдары, бизнес-коомдоштуктары, коомдук бирикмелер, жеке жактар, ошондой эле Комиссиянын консультативдик органдары жана түзүмдүк бөлүмдөрү (мындан ары - кызыкдар жактар) менен өз ара аракеттенүүдө;    

3) ички рыноктогу тоскоолдуктарды аныктоо жана ушул пункттун 2- пунктчасында көрсөтүлгөн механизмдерди пайдалануу менен аларды четтетүүгө мониторинг жүргүзүү;    

4) кызыкдар жактар менен бирдикте ички рынокто аныкталган тоскоолдуктарды четтетүүгө, кыскартууга жана (же) минималдаштырууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;    

5) ички рыноктун иштешинин системалык көйгөйлөрүн чечүү боюнча сунуштарды даярдоо;    

6) ички рыноктун иштөө чөйрөсүндө стратегиялык мүнөздөгү документтерди иштеп чыгуу;    

7) ички рынокту өнүктүрүүнү талдоо жана аны андан ары стратегиялык өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;    

8) ички рыноктогу тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүүгө мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча кызыкдар жактар менен маалымат алмашууну камсыз кылуу;    

9) ички рыноктун иштөө чөйрөсүндө эл аралык жана регионалдык уюмдар, интеграциялык бирикмелер менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты орнотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;    

10) талаш-тартыштарды чечүү (медиация) жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.    

        

Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:

1) Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн кароосу үчүн Бирликтин органдарынын ички рыноктун иштөө маселелери боюнча материалдарын, актыларынын долбоорлорун даярдайт;   

2) эл аралык келишимдерди түзүү жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдайт, алардын жөнгө салынышы ички рыноктун тоскоолдуктарсыз иштешин камсыз кылууга багытталган эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат;    

3) кызыкдар жактар менен бирдикте тоскоолдуктар жөнүндө маалымат базасын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык тутумдарды электрондук түрдө түзөт жана жүргүзөт, алардын иштешин жана Комиссия жана кызыкдар жактар тарабынан колдонулушун камсыз кылат;    

4) келип түшкөн кайрылуулар Комиссияда белгиленген тоскоолдуктар жөнүндө кайрылууларды кароонун тартибине ылайык каралышын камсыз кылат;    

5) экономикалык ишмердиктин субъекттерине жана башка кызыкдар жактарга Комиссияга тоскоолдуктар жөнүндө маалымат билдирүүгө мүмкүндүк берген "Евразия экономикалык бирлигинин ички рынокторунун иши" маалыматтык порталын (мындан ары - маалыматтык портал) жүргүзүүнү камсыз кылат;    

6) зарыл болгон учурда ички рынокту талдоо инструменттерин иштеп чыгат жана колдонот;    

7) тоскоолдуктарды аныктоо максатында ички рыноктун ишине мониторинг жүргүзөт;    

8) Бирликтин органдарынын ички рыноктогу тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча ишти регламенттеген актыларынын долбоорлорун жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырат;    

9) мүчө мамлекеттер, Комиссиянын түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле башка кызыкдар жактар менен өз ара аракеттенүүдө ички рынокто тоскоолдуктардын белгилеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундуларды даярдайт;    

10) ички рыноктун ишине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтын негизинде ички рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүү боюнча, анын ичинде кызыкдар жактар менен өз ара аракеттенүүдө ички рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иш- чаралардын планын ("жол карталарын") иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдайт;    

11) ички рынокто тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш-чаралардын пландары ("жол карталары") менен каралган иш-чаралардын ишке ашырылышын координациялайт жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;    

12) ички рыноктун иштешинин системалык көйгөйлөрү боюнча аналитикалык материалдарды даярдоону ишке ашырат;    

13) ички рыноктун ишин камсыз кылууда, ошондой эле ички рынокто тоскоолдуктардын бар экендигинин айкын фактылары (учурлары) табылганда келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү (медиация) үчүн принциптерди, ыкмаларды, механизмдерди иштеп чыгат, ошондой эле ченемдик базаны түзөт;    

14) ушул пункттун 13-пунктчасында көрсөтүлгөн талаштарды жөнгө салуу үчүн материалдарды сотко чейинки тартипте консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен, ошондой эле Келишимде жана Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде каралган башка ыкмалар менен даярдайт;    

15) ички рыноктун иштөө чөйрөсүндө стратегиялык мүнөздөгү документтерди иштеп чыгууну камсыз кылат;    

16) ички рыноктун ишине жана Бирликтин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө байланыштуу маселелер боюнча мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү, шайкеш келтирүү жана (же) унификациялоо боюнча сунуштарды даярдайт;    

17) мүчө мамлекеттердин укук колдонуу практикасына карата сунуштамаларды иштеп чыгууну камсыз кылат;    

18) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мүчө мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдарына маалыматтык- түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылат;    

19) Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жана Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо жол-жоболорун өткөрүүгө катышат;    

20) Бирликтин товарларынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, капиталынын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдайт;    

21) тоскоолдуктарды өз алдынча аныктоо максатында демилге тартибинде же мүчө мамлекеттерден, Комиссиянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн тоскоолдуктар жөнүндө болгон маалыматтарга байланыштуу, мүчө мамлекеттер тарабынан Келишимдин жоболорунун, эл аралык    

келишимдердин жана Бирликтин укугун түзгөн актылардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун келишимдин, Бирликтин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын жоболоруна шайкештигине мониторинг жүргүзөт;    

22) табылган тоскоолдуктар жөнүндө мүчө мамлекеттерге кабарлоо үчүн сунуштарды даярдайт жана аларды четтетүүгө багытталган иштерге мониторинг жүргүзөт;    

23) зарыл маалымат болгон учурда тоскоолдуктардын экономикалык таасирине талдоо жүргүзөт;    

24) Бирликтин органдарынын отурумдарында кароо үчүн Департаменттин ишинин багыттары боюнча отчетторду, баяндамаларды жана башка маалыматтык материалдарды даярдайт;    

25) кызыкдар болгон жактарды тоскоолдуктардын жоюлушу тууралуу маалымдайт;    

26) консультативдик органдарды түзүү жөнүндө сунуштарды даярдайт;    

27) консультативдик органдын (органдардын) Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча ишмердигин уюштуруучулук камсыздоону ишке ашырат;    

28) Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Комиссиянын илимий-изилдөө иштеринин планына киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат жана сунуштайт;    

29) талдоонун ар кандай ыкмаларын (изилдөөлөр, сурамжылоолор, контролдук сатып алуу механизмдери жана башка ыкмалар) колдонуу менен тоскоолдуктарды табуу маселелери боюнча илимий-изилдөө иштерин аткаруу процессин уюштурат;    

30) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Комиссиянын түзүмдүк бөлүмчөлөрү, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;    

31) Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууда жана алардын ишинде катышат;    

32) Комиссиянын Коллегиясынын жана Комиссиянын Кеңешинин мүчөлөрүнүн кароосу үчүн аналитикалык жана маалымдама материалдарды даярдайт;    

33) өзүнүн компетенциясынын чегинде башка функцияларды аткарат.    

      

Департаментте төрт бөлүм түзүлгөн:

• мониторинг жана маалыматтык өз ара аракеттенүү бөлүмү;    

• ички рыноктордун ишин пландоо жана талдоо бөлүмү;    

• экспертиза жана медиация бөлүмү;    

• ички рынокту стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү.